молдосариев1

   Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, полковник Орозобек Молдосариев 2014-жылдагы коомдук коопсуздукту сактоодогу бирден бир жетишкендик катары Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кесимдерине атайын көзөмөл жайдын ишке киргендигин эсептейт.

-Кара-Кече көйгөй болуп келген. Былтыркы жылы облустук бийлик тарабынан ал жактарга бара жаткан жолдогу Турускул деген жерге атайын контейнерлер коюлуп, видео орнотулганы мурдакыдай баш аламандыкты токтотту. Ал жерде биздин да, облустук өкүлчүлүктүн да, райондук акимчиликтин да ишеним телефондору бар. Көмүр кесимдерге унаалар кезеги менен киргендей шарт түзүлдү. Бирок бир тонна көмүрдүн баасын болгону 250 сомдон чыгарган учурлар белгилүү болууда. Ошондуктан Кара-Кечеден мамлекетке канча тонна көмүр чыгарылса, фирмалар ошончо тоннаны 250 сомдон чыгарып кеткен десек болот,-деп билдирген О.Молдосариев мырза бул жагдай терең иликтөөгө алынып жаткандыгын белгиледи.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу