Нарындагы ИИБдин тосмосун талкалоого чекит коюлат
2013-жылда болгон окуяга учуру келгенде чекит коюлаарын Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын (НОИИБ) жетекчиси, полковник Орозобек Молдосариев расмий билдирди.
-Ал окуя боюнча кылмыш иши жабыла элек. Кайсы бир күнү чекит коюлат,-дейт О.Молдосариев мырза.
2013-жылдын май айында НОИИБнын жетекчилигине Нарынбек Молдоисаев кайрадан дайындалганда бир катар революционербиз дегендер жана айрым жарандар нааразычылык билдиришип, жыйынтыгында акциянын үчүнчү күнүндө алар ИИБнын сырткы тосмосун талкалап короого кирип барышкан. Кийинчерээк бул жагдай боюнча тергөө амалдары башталгандыгы эшитилген. Бирок ушул кезге чейин тергөө аяктагандыгы же иш сотко өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымдала элек.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу