Нарында жумушсуздардын саны 868 адамга азайган
2013-жылдын жыйынтыгы менен облуста 9809 жаран жумушсуз деп саналса, 2015-жылдын 1-январына карата алардын саны 8941 адамды түзгөн жана булардын 6145и расмий жумушсуз макамына эгедерлер.
Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирет. Жумушсуздардын 55 пайызын аялдар ээлесе, 72 пайызы айылдыктар болуп саналат. Дээрлик 51 пайызын 28 жашка чейинкилер түзөт. Ал эми облус боюнча жумушсуздуктун деңгээли быйылкы жылдын алгачкы күнүнө карата 9,5 пайыз болсо, Ат-Башы, Жумгал райондорунда 11,2-12,3 пайызды түзгөн.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу