таш кулоо

 Маалымат каражаттарында белгиленгендей Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 313 чакырымында болгон таш кулоо өлкөнүн жолдорунда кооптуу жагдайлар бар экендигин дагы бир жолу эсертти. Жергиликтүү эл оозундагы маалыматтарга караганда, окуя болгон учурда бир унаа дээрлик болжолу 2 мүнөт убакыт ошол жерден эртерээк өтүп кеткен экен. Ошентип бул чоң таш кулоо кырдаалы кудай сактап, эч кырсыксыз болду.

-Узуну 30-40 метр, бийиктиги 3 метрден ашык жерге жар кулап түшкөн. Учурда атайын адистер иликтөө жасаганга келишмекчи,-деп маалымат келтирди өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов. Ал эми окуяны жеринде барып көргөн Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Абакиров буларды белгиледи.

-Оттук айылынан Долонго карай бара жаткандагы капчыгайга кире бериш жердеги зоонун башы кулап түшүптүр. Жол толук тосулуп, ашкан таштар сууга чейин түшүп кеткен экен. Саат алтыда болгон окуядан кийин 3 жүктөөчү, 4 ташуучу атайын унаалар менен түнкү саат бирге жакын бир унаа жүрө тургандай жол ачылганча биз ошол жерде болдук. 2-февралда саат 16да жол толук ачылды,-дейт Н.Абакиров. Ал эми ӨКМдин облустук башкармалыгын жетекчиси Токтобек Шоңкоев жергиликтүү Нарын телеси аркылуу облус алкагында ушундай коркунучта турган 10 аймак бар экендиги билдирди.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу