Нарында укук бузуулардын алдын алууга арналган форум өткөрүлдү
«Милиция менен коомчулук-жашоонун сакчылыгында» аталыштагы форумдун ишине КРнын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, акимдер, шаар бийлигинин өкүлдөрү, жер-жерлерден чакырылган коомдук алдын алуу борборлордун (КААБ) жетекчилери катышышты.
-Бул форумдун максаты коомдук тартипти чыңдоо, эл ичинде чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн жана укук бузуулардын алдын алууну биргелешип чечүү болуп саналат,-деген министр мырза ушундай форумдар облустарда өткөрүлгөндөн кийин, республикалык алкакта жыйынтыкталаарын билдирди. Ал эми өкүл Аманбай Кайыпов КААБдардагы кыйынчылыктарды белгиледи.
-КААБдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттин тартыш экендигине карабастан колдон келген жардамдарын көрсөтүшүүдө. Бирок кээ бир КААБдардын бөлмөлөрү электр жана көмүр менен жылытылат. Ал эми кээ бирлери кышкысын толук жылытылбай калууда. Ушундан улам КААБдарды толук каржылоону республикалык бюджеттен кароо сунуштарыбызды Өкмөткө жибердик,-деп белгиледи А.Кайыпов мырза. Жыйындын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.
Форумда облустун бардык акимдерине, Нарын шаар мэрине «Кыргыз милициясына 90 жыл» төш белгилер тагылып, бир катар КААБдардын мүчөлөрүнө ушундай эле төш белги, ИИМдин, өкүлдүн Ардак Грамоталары, Алкыш баракчалар, Ыраазычылык каттар, ОИИБнын баалуу белектери тапшырылды.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу