Мындай маалыматты кечээ, 18-февралда Нарын облусунда уюшулган «ТурНа» саякат агенттигинин жетекчиси Талант Ниязбеков билдирип, дүйнөлүк маанидеги туризмдик тейлөөгө жетүүгө али эрте, деген пикирин айтты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Т.Ниязбековдун айтымында, бирок акыркы 1-2 жылда бул деңгээлге жетүү үчүн жакшылап туризм тармагын өндүрүү керектелет.

«Нарын облусу туризм тармагындагы ийгиликтери үчүн баш байгеге татыктуу болду. Бирок биздин дүйнөлүк туризмге жетишүүбүзгө дагы көп жыл бар. Ага чейин бирдиктүү бир бирикме түзсөк жакшы болот эле. Ал эми эң башкысы ички туризмди өнүктүрсөк. Мисалы, Нарындын жарандарын башка облустарга, алардын адамдарын Нарынга алып барып келүү керек», – деди Т.Ниязбеков.

Ал ошону менен бирге «Кар фестивалын» эртерээк колго алууну сунуш кылды.

«Японияда 4 ай кыш болот экен. Нарында болсо 6 ай кар кетпейт. Ал жактагы кардан жасалган ар кандай жасалмаалуулуктарды көрүш үчүн кышында Японияга 2 млн адам барат экен», – дейт «ТурНа» лидери.