кар

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 25-ноябры күнү Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда катуу кар жаагандыгына байланыштуу (кардын калыңдыгы 40 см), саат 18:30 чамасында унаа жолунун 50-107 –чакырымдарында унаалар өтүүсүнө убактылуу жабылган.

ЖЭМ (ДЭП) -26 тарабынан 2 жүктөгүч, 2 бульдозер, 1 Нива жана 6 жумушчу тартылып, унаа жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Маалымат кошумча берилет деп маалымдады КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы.