Мыктылар көп, мыкты жашоо кана?
Кыргызда той бүттү, тойдун эртеси да бүттү дегендей, жаңы жылдык майрамдар артта калды. Үстүбүздө 2015-жыл. Мактоолор, жакшылыктарды айтуу, каалоо-тилектер көп айтылды. Ушуга байланыштуу бир ойду айткым келди. Кыргызстан өзгөчө өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн катарына кирбесе да өз өрүшүн тартып келаткан чакан мамлекет. Кудайга шүгүр, тынчтык бар, митинг-пикеттер азайып келе жатат. Чет өлкөлөргө чыгып, жакшы акча таап байыгандар көбөйдү. Үйлөрдү кычырата салып, кымбат машинанын түрлөрүн тебишүүдө. Эл өз алдынча өнүгүүгө кетти. Бирок, өзүңдө болгону менен өлкөң алсырап турса, көңүлүң көтөрүлбөйт экен. Дайыма бюджеттин тартыштыгы, дайыма акча жок деп айтуу көнүмүшкө айланган. Эгемендик алгандан бери борборубуз Бишкектин жаңы конуштарында салынып жаткан мектептер менен бала бакчалардан сырткары жаркыраган мамлекеттик объекттер курулган жок. Менчик ээлери элиталык үй, кафе, ресторандарды, оюн залдарын салып, сатуу, иштетүү менен байышууда. Бишкектин көчөлөрү баткакка, көлчүккө, кургаса чаңга толгон. Жол оюлуп, чуңкурлар көбөйдү. Таштандылар туш-тарапка ыргытылган. Кыскасы, Бишкектин көрүнүшүнө көңүлүң чөгөт.
Экинчи маселе, адамдардын бири-бирине мактоо баракчаларды, ардак грамота, дипломдорду берүүсү өтө көбөйгөнүндө. Мактап, барактарды кооздоп жазып, рамкага салып бере берүү ушунчалык көп, ал ар бир кыргыздын үйүнөн чыкса керек. “Иштегенине жарым жыл болуптур” деп жарыя айтып, эл алдына жаңы чыгып жаткан куудулдарга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги дипломдорду берип жатканын көргөндөн кийин ушул ойго келдим. Биз деле андан куру калган жокпуз. Мыктыларды тандаганга аракет кылдык, бирок өлкөнүн абалы өкүнөөрлүк абалда турганын кантип жашырабыз? Баарыбыз эле мыктыбыз, баарыбыз эле макталабыз, жыйынтыгы кана? Туризм тармагы, соода-сатык, мал чарбачылыгы гана анча-мынча ынандырбаса кайсы тармагы алдыга кетти? Спорт, экономика, айыл чарбасы, курулуш, медицина, билим берүү, энергетика, кен байлыктарын казуу, өнөр жай продукцияларын чыгаруу сыяктуу тармактар неге баш көтөрбөйт? Баш көтөргөнү эле коррупция болууда. Билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармагында коррупция гүлдөп кеткенин былтыр расмий түрдө эки жолу билдиришти. Айылдагы мектептерде, шаардагы университеттерде билим берүүнүн төмөндүгү эч кимге жаңылык эмес. Бир группага 30дан ашык бала кирип, анын 7-8и гана бүтүп чыгаарын айтышууда. Мыйзамдар бир адамдын же бир топтун кызыкчылыгы үчүн жазылып калып, көп иште колу-бутту тушагандай абалга кептелтип жатканы элди чайнап коюуда. Бийликти борбордон бөлүштүрүп, жер-жерлерге өз тагдырын чечүүгө укук берилди эле, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, демек депутаттар ким акчаны көбүрөөк ыргытса, ошону аткаруу бийлигине шайлап, жыйынтыгында анын акчасынан бөлөк аракети жок экени билинип, арманда калышууда. Бирок, кайра эле ошол процесс кайталанып калууда.
Кайда барба, Мамайдын көрү. Кайсы маселе болбосун, тушалып тургандай абал. Эл ишеним берген бийлик өкүлдөрү качан Кыргызстанга кылым карытаар иштерин жасашат? Мисалы, К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов, И.Раззаков, Т.Усубалиев сыяктуу.
Сымбат Максутова


Комментарий кошуу