Министр К. Боронов куруучуларды мамлекеттин каражатын үнөмдөөгө чакырды
2014-жылдын 14-ноябры күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош облусунда өзүнүн иш-сапары менен болду. Министрдин жумуш сапары Ош облусундагы Коңур-Дөбө айыл округунун Упа-Жар, Кызыл-Ой айылдарындагы турак үйлөрдү жана айыл чарба багытындагы жерлерди коргоо үчүн курулган дамбаларды көрүүдөн башталды. бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
КРнын ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримовдун маалыматына караганда, курулуш эки этап менен бүткөрүлгөн. “Кызыл-Ой, Упа-Жар айылдарындагы 41 турак жайды, 20 га айдоо аянттарын коргоо үчүн, жалпы сметалык наркы 12686,3 млн. сомдук 970 метр коргоочу дамба куруу боюнча долбоордук изилдөө иштери жүргүзүлгөн. 2013-жылы 1-кезекте 2930,33 миллион сомдук узундугу 200 метр коргоочу дамба курулган. Ал эми 2014-жылы 2-кезекте сметалык баасы 2799,507 миң сомдук узундугу 200 метр коргоочу дамба куруу каралган. Жумуш 2014-жылдын март айынын аягында башталган. Азыркы учурда курулуштун 2-кезектеги жумуштары толугу менен бүткөрүлдү” – деди Д. Каримов.
Ал эми Алай районунун Корул айыл округундагы Корул дарыясынын жээгиндеги Тогуз-Булак айылынын турак үйлөрүн коргоо үчүн курулуп жаткан дамбаны жеринен көргөн министр мүмкүн болушунча сапатуу курууга тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Узундугу 240 метр болгон бул дамба курулса, Тогуз-Булак айылындагы 35 турак жайды Корул дарыясынан коргойт. Жумуш 2014-жылдын сентябрь айында башталган. Азыркы учурда дамбанын 180 метр телосу тургузулуп бүткөрүлгөн.
Министр андан ары Жошолу айылдык аймагынын Жалгамыш айылындагы 230 кожолуктагы 662 жаранды жол каттамы менен камсыз кылуучу көпүрөнү, турак жайларды жана таза суу системасын коргоо максатында 210 метр коргоочу дамбанын курулушу менен таанышты. Жумуш 2014-жылдын май айында башталып, курулуш башталгандан бери аткарылган жумуштардын суммасы 1774,866 миң сомду түздү. Дамбаны подряддык ишкана катары “Жылдыз и М” жоопкерчилиги чектелген коому курууда. Көпүрөнү куруп жаткан подряддык мекеменин жетекчилерине акча каражатын үнөмдүү пайдаланып, сапаттуу дамба куруп, элдин батасын алуу керек экендигин К. Боронов белгиледи. “Эптеп жумушту бүтүрүп, мамлекеттин акчасын алып кеткиси келген айрым мекемелер да бар. Силер андай болбой, дамбаны куруп, акчаны да алып, элдин ак батасын да алышыңар керек. Анткени, силер алып жаткан мамлекеттин акчасы да элден салык катары чогулган каражат. Ошондуктан ар бир тыйынды пайдалуу жана үнөмдүү пайдалангыла”-деди министр Кубатбек Боронов.
Андан ары Баткен жана Жалал-Абад облусуна улана турган иш-сапарын токтотуп, Ысык-Көл облусундагы жер титирөө болгон аймакка жөнөп кетти.




Комментарий кошуу