Индиянын түндүгүндө 179 жаштагы дүйнөдөгү эң кары адам жашайт. Анын аты – Махашта Мураси, ал 1835-жылы 6-январда жарык дүйнөгө келген. Учурда жергиликтүү калк ага Өлбөс деген ат коюп алган. “Мен өлүмдү күтүүдөн тажадым, ал мени унутуп калса керек”,- деп тагдырына нааразы болгон карыя чет элдик маалымат каражаттарынын бири менен маек курган.
“Азыркы күндө менин эч кимим жок калды, жадакалса неберелеримди да көп жыл мурун о дүйнөгө узаткам. Ал эми өзүм ар бир кечирген күнүмдү өлүмдү күтүү менен өткөрөм. Акыркы учурда өлүмдөн деле үмүтүм үзүлүп бара жатат, мен өлбөс адам окшойм,- дейт М.Мураси.

Карыянын айтымына караганда, ал Индиянын Бангалор шаарында чоңойгон. 1957-жылга чейин өтүкчү болуп эмгектенип, 122 жашында пенсияга чыккан. Белгилүү болгондой, Махашта Мурасинин колунда анын өздүгүн тактаган бир да документи жок. Ал акыркы жолу дарыгерге мындан 43 жыл мурун кайрылганы маалым. Бирок аны медициналык кароодон өткөргөн дарыгер да мындан бир нече жыл мурун каза болуп, эч кандай тиешелүү кагаздарды калтырган эмес. Ал эми бүгүнкү күндө карыяны медициналык кароодон өткөрүп, жашын аныктоого анын ден соолугунун начардыгы себеп болгону айтылат маалыматта. 2015-жылдын 6-январында Махашта Мураси 180 жаш курагын белгилемекчи.

Булак: super.kg