МЧС билдирет
2014-жылдын 20-ноябры саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы кырдаал боюнча КРнын ӨКМнин маалыматына таянсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2014-жылдын 14-ноябрында саат 07:24тө эпицентрде 7 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу: Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылынан 17 чакырым түштүк-чыгышты, Тосор айылынан 22 чакырым түштүк-батышты, Бөкөнбаев айылынан 28 чакырым түштүк-чыгышты жана Балыкчы шаарынан 105 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн координаттары: түндүк тууралыгы 42º00´; чыгыш кеңдиги 77º19´.
Жер титирөө: Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тосор, Тоң жана Тамга айылдарында 7 балл, Балыкчы шаарында 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 балл болгон.
2014-жылдын 18-ноябрына карата Жарандык коргонуу комиссиясынын текшерүү иштеринин негизинде жер титирөөнүн кесепетинен:
Тоң районунун Тоң айыл аймагында321 арыз түшкөн, 321 турак үй жана 9 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 61 турак үй жана 7 социалдык объект I даражада, 1 социалдык объект жана 245 турак үй II даражада, 1 социалдык объект жана 1 турак үй III даражада, 14 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Мамбетов айыл аймагында 80 арыз түшкөн, 83 турак үй жана 13 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 36 турак үй жана 4 социалдык объект I даражада, 32 турак үй жана 7 социалдык объект II даражада, 2 социалдык объект жана 5 турак үй III даражада, 10 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Күн-Чыгыш айыл аймагында 809 арыз түшкөн, 765 турак үй жана 11 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 242 турак үй I даражада, 248 турак үй жана 8 социалдык объект II даражада, 208 турак үй жана 3 социалдык объект III даражада, 66 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Кажы-Сай айыл аймагында 729 арыз түшкөн, 128 турак үй жана 9 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 42 турак үй жана 3 социалдык объект I даражада, 53 турак үй жана 2 социалдык объект II даражада, 27 турак үй жана 4 социалдык объект III даражада, 7 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Төрт-Күл айыл аймагында 71 арыз түшкөн, 71 турак үй текшерилди, анын ичинен 25 турак үй I даражада, 40 турак үй II даражада, 6 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Ак-Терекайыл аймагында 114 арыз түшкөн, 75 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 15 турак үй I даражада, 50 турак үй II даражада, 1 социалдык объект жана 2 турак үй III даражада, 8 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Көл-Төр айыл аймагында 152 арыз түшкөн, 152 турак үй жана 1 социалдык объект текшерилди, анын ичинен 87 турак үй I даражада, 47 турак үй II даражада, 1 социалдык объект жана 1 турак үй III даражада, 17 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Жалпы Тоң району боюнча 2276 арыз түшкөн, 1595 турак үй жана 44 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 508 турак үй жана 14 социалдык объект I даражада, 715 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 244 турак үй жана 12 социалдык объект III даражада, 128 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Жети-Өгүз районундагы Тамга айыл аймагында38 арыз түшкөн, 38 турак үй текшерилди, анын ичинен 5 турак үй I даражада, 2 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Балыкчы шаарында 15 арыз түшкөн, 15 турак үй текшерилди, анын ичинен 2 турак үй I даражада, 13 турак үй IV даражада жабыр тарткан.
Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл аймагынын Булан-Сөгөтү айылында 1 социалдык объект I даражада жабыр тарткан.
Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2329 арыз түшкөн, 1648 турак үй жана 45 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 515 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 715 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 244 турак үй жана 12 социалдык объект III даражада, 143 турак үй IV даражада жабыр тарткан. Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин улантууда.
Ошондой эле КРнын ӨКМнин өрт-куткаруу кызматтары боюнча ыкчам маалыматы боюнча Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылдын 19-ноябры саат 08:30дан 20-ноябры саат 08:30га чейин республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 9өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Комментарий кошуу