Мамлекеттик матрезервдер фондунда азык-түлүктүн 3 айга жетчү 5 түрү бар,- фонддун жетекчиси Р.Каракулов
Биз акыркы 3 жылда тендерлерди өткөрбөйбүз,- деп билдирди бүгүн, 1-декабрда «Биринчи радионун» эфиринде Мамлекеттик материладык резервдер фондунун жетекчиси Рустам Каракулов, тендерлерди өткөрүүдөгү коррупция тууралуу суроого жооп берип жатып.
«Эгер биз буудайды Россиядан же Казакстандан сатып алсак, анда өкмөттөр ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана алабыз. Бааларды алар өзүлөрү сүйлөшүшөт. Бирок алар бааны базар баасынан төмөн бекитишет. Мисалы, эгер базардагы баа 15 сомду түзсө, анда алар бизге 13-14 сомдон сатышат. Биздин резерв — бул 3 айга жете турган камдыктар. Бүгүнкү күндө биздин резервде азык-түлүктүн 5 түрү бар»,- деди ал.Ал мындан тышкары, Фонд каражатты бюджеттен албай тургандыгын билдирди. «Ооба, биз бюджеттик каражат албайбыз. Биздин бюджет азык-түлүк сатуудан толот. Мисалы селитра. Биз резерв сатып алууга мүмкүндүк берген 100 млн сом иштеп таптык. Мисалы биз Азербайжандан шекер сатып алдык»,- деди түзүмдүн жетекчиси.
Анын айтымында, Фонддо ун сактоочуларды текшерүү боюнча көзөмөлдөөчү функция бар. Айыл чарба министрлигинде дагы текшерүүлөрдү жүргүзүп туруучу орган бар, деп кошумчалады Каракулов.


Комментарий кошуу