Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Элдияр УСУБАЛИЕВ: “143 миң 578 адам биометрикалык маалымат тапшырды”
– Өкмөт жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо бир жылга жетпеген аралыкта пландалган жумуш бүтөрүн, келерки шайлоо ошол тизменин негизинде өтөрүн айтат. Жарандык коом өкүлдөрү болсо кыргызстандыктардын көбү чет элде иштеп жүргөндүктөн, бул өнөктүктүн толук аткарылышына күмөн санашат. Негизи эле биометрикалык маалыматтардын тапшырылуусу кандай нукта жүрүүдө?
– Кыргызстандын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын (он манжанын тагы, санариптик сүрөт, өздүк кол) чогултуу үстүбүздөгү жылдын 20 октябрында массалык түрдө башталган. Ошол күндөн тартып 19-ноябрга чейинки тапшырган жарандардын саны 143 миң 578 адамды түзөт. Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматтарды чогултуу иш-чарасы Кыргызстандын баардык аймактарында өтүүдө. Ал үчүн жети облуста 700гө жакын стационардык пункттар ачылган, бирок биз бул сан менен чектелбейбиз, кийинчерээк пункттардын саны дагы көбөйтүлөт. Өкмөт тарабынан бекитилген атайын план боюнча биометрикалык маалыматтар 16 жаштан жогорку курактагы жарандардан милдеттүү түрдө 2015-жылдын август айына чейин чогултулат.
– Жарандарды маалымат жагынан камсыздоо жагы кандай жүрүп жатат?
– Биометрикалык маалыматтарды тапшырууда жарандар сөзсүз түрдө колундагы паспортун көрсөтүүгө милдеттүү. Белгилеп өтсөк, жарандар биометрикалык маалыматтарын каалаган стационардык пунктка барып тапшырса болот. Мисалы, жараныбыздын каттоосу Нарында же башка аймактарда болуп, бирок бүгүнкү күндө Бишкекте болсо, демек жаранга ыңгайлуу, жакынкы пунктка паспорту менен барса болот. Ал эми стационардык пункттардын даректерин жана алардын жайгашуусун атайын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат борборуна 0312 873333 телефону аркылуу байланышып, билсе болот.
– 3 миллиондон ашык адамдардын маалыматын топтоо өз маалында тапшырылаарына жетишесиздерби? Өкмөттүн белгилеген мөөнөтүнө бүткөрүлүп калабы?
– Негизи Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында 3 миллиондон ашык адамдын биометрикалык маалыматтарын чогултуу маселеси коюлган. Албетте, бул максатка жетүү үчүн биздин кызматыбыздын жигердүү жана сапаттуу иш алып баруусу, бардык мамлекеттик ишканалардын жана Өкмөттүн колдоосу, элдин ыктыярдуу катышуусу жана массалык маалыматтардын объективдүүлүгү муктаждалат. Анткени өткөрүлүп жаткан иш-чаралар биринчи ирет эл үчүн, келечегибиз жана ар бирибиздин жашообузда катышкан мамлекеттик органдардын ишин жеңилдетүү, андагы маалымат базасын иретке келтирүү, көрсөтүлүп жаткан каттоо кызматтын сапатын жакшыртуу, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоолорду таза өткөрүү, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, документтерди жасалмалоого жол бербөө, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.
– Өлкөнүн чегинен сырткары жүргөн жарандардан биометрикалык маалыматын топтоо жагы кандай болууда?
– Биометрикалык маалыматтар Кыргызстандан тышкаркы аймактарда да атайын түзүлгөн графикке ылайык чогултулат. Алар чет өлкөлөрдөгү элчиликтерде жана консулдук мекемелерде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен өтөт.
– Ал эми жарамсыз калктан пенсионерлерден, майыптардан, дарыланып жаткан адамдарга кедергиси тийбейби?
– Пенсионерлер почта түйүндөрүндө же башка каалаган стационардык пункттарга барып тапшырышса болот (пункттардын даректерин маалымат борборунан 0312 873333 телефону аркылуу билсе болот), эгерде өз алдынча баса албаган, ден соолугу жактан чектелген адамдар жергиликтүү администрацияга же муниципалдык аймактык башкарууларга табыштама (заявка) жазуу керек. Алар үчүн кийинчерээк биометрикалык малыматтарды каттоочу мобилдик топтор жөнөтүлөт.
– Ошондо жаңы үлгүдөгү паспорт жарандардын колуна качан тийип калат?
– Биометрикалык паспортторду алуу милдеттүү эмес. Жарандарыбыз биометрикалык паспортту өз каалоосу менен чет мамлекетке чыгуу үчүн алса болот. Дагы бир ирет кайталап өтсөк, бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматтарды (он манжанын тагы, санариптик сүрөт, өздүк кол) каттоо 16 жаштан жогорку бардык жарандарыбыз үчүн милдеттүү, ал эми биометрикалык паспортту алуу ыктыярдуу жана 2016-жылдан баштап жүргүзүлөт.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу