Малды идентификациялоону ишке ашырууга багытталган польшалык насыя менен күңүрт коррупциялык схемалар жүргүзүлө баштады
Малдарды идентификациялоону ишке ашырууга багытталган польшалык насыяга карата күңүрт коррупциялык схемалар жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу 22-декабрда айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдирди, деп маалымдайт Tazabek.
Анын айтымында, буга байланыштуу Өкмөт, каражаттар польшалык насыядан эмес, казак насыясынан бөлүнө тургандыгы тууралуу чечим кабыл алган.
«Башында Польша тараптан 16 млн доллар өлчөмүндө насыя бөлүнгөн. Бирок, эгер Польша насыясы менен иштесе анда тендерди жарыялоо боюнча чектөөлөр болмок. Эми биз тендер жарыялоодо чектөөлөрдү киргизбейбиз. Өкмөт бизге ишти камсыздоо боюнча баардык документтерди иштеп чыгууну тапшырды. Азыр малды идентификациялоо боюнча долбоорду камсыздоо программасы иштелип жатат жана эл аралык тендер жарыяланат. Малды идентификациялоо башталды. Бирок биз жөн гана тендер өткөрүп жана бизге бул ишти камсыздаган ишкананы табышыбыз керек», – деди Т.Айдаралиев.
Программалык камсыздоо — бул 400 миң доллар бөлүнгөн чоң иш экендигин белгиледи. Ал француз ишканасынын мисалында иштелип чыккан. Бирок азыркы учурда адистер бул программаны Кыргызстандын стандарттарына адаптациялап жатышат, деп кошумчалады министр.
«Ал эми, башкы ветеринардык дарыгер Ашырбай Жусуповдун, эгерде Мамветинспекция малды идентификациялоо менен алектенсе анда иштер мөөнөтүндө бүтө тургандыгы тууралуу пикири, бул анын жеке пикири», – деди Т.Айдаралиев.


Комментарий кошуу