DSC_4219

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына таянсак, дүйнөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эсеби 450 миллионго барып калды. Алардын 200 миллиону балдар. Эң өкүнүчтүүсү – психикалык жана физикалык өнүгүүсү өксүгөндөрдүн катары жылдан-жылга өсүп жатат. Маселен, ушул тапта Ысык-Көл областына караштуу 52 миң калкы бар Тоң районунда акыл эс жана физикалык өсүү жагынан өксүгөндөрдүн эсеби 384кө жеткени такталган.

Быйыл август айында Энеликти жана балалыкты коргоо боюнча улуттук борбордун адистер тобу Бөкөнбаев айылында үч жашка чейинки ымыркайларды атайын кароодон өткөрүшкөн. Жакында анын жыйынтыгы боюнча “Шоола Көл” деп аталган коомдук бирикме “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда атайын отчет жарыялады. Андагы маалыматтарга караганда дарыгерлер ар тараптуу текшерүүдөн өткөрүлгөн 370 наристенин 156сынын гана дени сак деп бүтүм чыгарышкан.

Эшперов айылынын кичинекей тургуну Адилет алты айлык болуп ара төрөлгөн. Ошондо эле дарыгерлер церебралдык шал деген диагноз коюшкан. Башы шылкылдап, денесин кармана албайт. Бирок, аң-сезими, кабылдоосу кадимкидей. 100гө чейин санайт. Эки-үч тамганы кошуп окуйт. Өң-түстөрдү ажырата билет. “Эки жыл мурда “Шоола Көлдүн” өкүлдөрү өзүлөрү келип Адилетке жардам көрсөтүүнү сунушташкан. Атайын программа түзүп беришип, баламдын акыл-эсин өнүктүрүүгө болоруна ынандырып коюшту,-дейт алты жылдан бери Адилет менен күн тыным билбей алышып келаткан апасы Назира. Өзгөчө Чынара Бакованын эмгеги күч болду. Жума сайын келип, өз баласындай эле алектенет. Көп нерсеге үйрөттү”. Назиранын жубайы эки жыл мурда каза болгон. Эки уулу студент, бирөөсү мектепте окуйт. Өзү Адилетти карап иштебейт. Мамлекет майып баласына 3000 сом пособие чектеп берген. Бул албетте, эч нерсеге жетпейт.

Ушул эле айылда жашаган Даражан менен Жеңишбек Шайдылдаевдер 5 жыл илгери “эки бакыр, бир тукур” болуп баш кошушкан. 4 балалуу болушту. Бирок, Даражан кырктын кырына жакындап калса да кат-сабаты жок. Дарыгерлер ага жана күйөөсүнө, ошондой эле балдарына гипотериос же акыл-эс жагынан артта калуучулук деген аныктама чыгарышкан. “Жада калса паспорттору жок. Эч жерде каттоодо турушпаптыр. Паспорт жасатып, бала-чакасы менен каттоого тургуздук. Документтерин топтоп, 2 баласын Караколго чейин алып барып медициналык кароодон өткөрдүк. Пособие чектетип бердик”,-дейт Күн Чыгыш айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Айнура Алагушева. Айтымында, айыл өкмөтү тарабынан өтө жакыр жашаган бул үй-бүлөгө балдары үчүн деп саан уй да бөлүнүп берилген. Бирок, жергиликтүү бийлик бул бечераларды эптеп алдыга сүйрөп жатса, айылдын айрым карөзгөйлөрү Жеңишбекти алдап-салдап жумуш жасатышып, колуна жарыбаган тыйын-тыпыр карматышаарын угуп зээн кейиди. Ошол эле учурда “Шоола Көл” бирикмеси бул үй-бүлөнү да көз жаздымда калтырбай, 3 жаштагы Сыймыктын аң-сезимин өстүрүүгө аракет жасашууда. Ар жума сайын ал эжекеси Эльмира Жусупованы чыдамсыздык менен күтүп алат. “Албетте, Сыймыкты үйрөтүү кыйынга туруп жатат”,-дейт “Шоола Көлдүн” волонтеру Элмира. “Шоола Көл” бирикмеси 2010-жылы Кыргызстанда алгачкы ирет эрте кийлигишүү кызматынын жергиликтүү үлгүсүн түзүп, өсүүсү өксүгөн, биологиялык жана социалдык тобокелчиликтүү балдарга көмөктөшүү программасын иштеп чыккан. Соңку эки жылдан бери “Сорос Кыргызстан” фондунун билим берүү программасы жана республикабыздын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосунда жогоруда сөз кылган программаны жүзөгө ашыруу максатында райондун 8 айылында иш жүргүзүүдө. Натыйжасы, сезилээрлик. Программага камтылган мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 20 баланын 2өөсү бала бакчага, 2өөсү даярдоо классына бара баштаган. 15 наристеде өсүүдөгү четтөөлөр азайгандыгы байкалууда. Далили катары айтсак, ушул эле айылдын дагы бир наристе жашоочусу Дастан быйыл алтыга толду. “Баламдын өсүүсүндө өзгөчөлүктөр бар экендигин 6 айлык кезинде эле врач невролог Бабажанов аныктаган. 4 жашында басып, төрт жарымга чыкканда тили чыкты. Өзүм мектепте мугалиммин. Бирок, “Шоола Көлдүн” директору Антонина Ли жана волонтерлору Кыял, Чынара эжелер болбосо, баламды мектепке даярдай алмак эмесмин”,-дейт апасы Кундуз.

Ал эми чоң энеси Ажар апа: “Жалгыз баламдын тунгучу ушул тагдырга туш болору үч уктасам түшкө кирген эмес,”-дейт. Уулу менен келини керели кечке кызматта болушкандыктан Ажар апа эки небересин карап, волонтерлор калтырып кеткен тапшырмаларды Дастанга окутуу менен алек. “Буюрса, неберемди 1-класска өзүм жетелеп барам,”-дейт Дастандын үйрөнгөн ырларына, жомокторуна ыраазы болуп, кубанычы ичи-койнуна сыйбаган Ажар апа.

Албетте, жогоруда айткандай майып балдар тагдырдын өгөйлөрү эмес, коомубуздун мүчөсү. Ошондуктан, аларды тарбиялап, каралашууда үй-бүлөнүн ролу өзгөчө. Аларды окутуп, өз алдынчалыкка үйрөтүү психологиялык жана эмоционалдык түйшүктү, ошондой эле материалдык көп чыгымдарды талап кылары шексиз.

“Шоола Көл” коомдук бирикмеси бул багытта атайын мыйзам кабыл алынса, мамлекет тарабынан көңүл бурулса жакшы болоор эле деп эсептейт.

Атай Алтымышев