Лейлек

Тажикстан менен Кыргызстандын чектешкен жери –Лейлек районунда Максат деген айыл бар. 1994-жылы  Тажикстан менен болгон чек араны бекемдөө максатында максатыбыз ишке ашсын деп, дал ушул биз сөз кылып жаткан айылга 60 кожолук жайгаштырылып, атын «Максат» деп койушкан. Ошол кездеги 60 түтүндүн саны бүгүн 138 ге чыгып, 1000 ашык жарандар жашашат. Андан бери 20 жылдан ашык өтсө дагы чек арада турган Максат айылынын социалдык көйгөйлөрү толук чечиле элек. Алардын бири чек арадагы айылга 11 жылдык орто мектеп куруу. Бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн 235 балага эсептелген 2 кабаттуу мектептин курулушу башталган. Айыл башчысы Сапарали Адинаевдин маалыматтарына таянсак, 2015-жылдын жаңы  окуу жылына 11 жылдык мектеп ишке берилет.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу