Кытайдагы Miss Model of the World 2014 сынагына кыргызстандык сулуу катышууда

Кытайдын Шеньчжень шаарындагы Miss Model of the World 2014 сынагына Кыргызстандан Виктория Ясырова катышууда.
В.Ясырова АКИpress агенттигине билдиргендей, аталган сынак 1988-жылдан бери ар жылы өткөрүлүп келет. Бул жылы анын финалы 29-ноябрга белгиленген.
Анын айтымында, учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн 50 өкүлү Шеньчжень шаарына барды.
Виктория Ясыровага аталган сынакка катышуу укугу Бүткүл дүйнөлүк сулуулук конгрессинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу кастингдин жыйынтыгы менен берилген. Ошондой эле, ал Miss Model of the world Kyrgyzstan 2014 наамынын ээси болуп эсептелет.
Кошумчалай кетсек, Miss Model of the World сынагына Intermodel Co.Ltd компаниясы ээлик кылат.
![]()
![]()


Булак: Баракелде

Комментарий кошуу