2-ноябрда Кыргызстанга Ага Хан IV келгендигин Ага Хан өнүктүрүү боюнча уюмунан маалымдашты.

Анын маалыматына караганда, Ага Хандын президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуусу пландалууда.

Ал, ошондой эле, өзү анын Канцлери болуп саналган, Нарындагы Борбор Азия Университетинин курулушунун жыйынтыгын көрүү үчүн барат.

Ага Хан, Ага Хан өнүктүрүү боюнча уюмунун (АКДН) экономика, социалдык жана маданий тармактарда иштеген бир катар агенттиктердин негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп эсептелет.

Ага Хан өнүктүрүү боюнча уюму Кыргызстанда 2000-жылдан бери Ага Хан мектеби, Музыкалык чыгармачылык чөйрөсүндөгү Ага Хан демилгеси, «Биринчи микрокредиттик ишкана», Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк (KICB) жана башка долбоорлорду ишке ашырып келет.

Ага Хан исламдын шейиттик бутагынын мусулман-исламчыларынын 49-мураскер имамы болуп саналат.