барс1

Кыргыз Республикасында азыр жоголуп бара жаткан жаныбарлардын саны жылдан жылга азайып бара жатат. Бул маселеге жаш муундар азыр көңүл бурбасак, келечекте бул жаныбарлар такыр эле жоголуп, айлана-чөйрөнүн бузулушуна алып келет. Кыргызстандагы биотүрдүүлүк региондогу эң ири түрдүүлүк болуп эсептелет жана климаттык ыңгайлашуу менен мөңгүдөн баштап субтропиктик жана мээлүүнгө чейинки экосистеманы түзөт. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак,  аймагы дүйнөлүк кургактыктын 0,1 пайызын гана ээлегенине карабай, Кыргызстанда бардык түрлөрдүн 1 пайызы жайгашкан жер болуп саналат. Кыргызстанда гана табылган жергиликтүү түрлөр  жана анын түркүмдөрү 200дөн ашык өсүмдүктөрдү, 3000ден ашык омурткасыздарды жана 17ден ашык омурткалуу, 47 субэндемикалык омурткалууларды өз ичине камтыйт. Кыргызстан кээ бир сейрек кездешкен  жаныбарлардын (мисалы Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу жана сибир аркары) жашоосу мөңгүлөр менен тыгыз байланышкан жана жоголуп  бара жаткан ак илбирстин мекени болуп эсептелет. Азыр биздин өлкөдө жоголуп бара жаткан жаныбарлар мыйзам түрүндө корголот. Бул жаныбарлар кызыл китепке киргизилип, аңчылыкка тыюу салынган. Дегеле айлана-чөйрөнү коргоодо кызыл китептин мааниси зор. Себеби, аны жаратылышты коргоо боюнча жобо деп атасак болот. Кызыл китепке кирген жаныбарлар, курт-кумурскалар жана өсүмдүктөрдү Кыргызстандын бардык жарандары сактоого милдеттүү. Кызыл китепке киргизилген жандыктар менен өсүмдүктөр жергиликтүү экология кандай абалда экенин көрсөтүп турат.  Биринчи кызыл китеп 1985-жылы жарык көргөн. Эл аралык жоболор боюнча кызыл китеп ар беш жыл сайын чыгарылышы керек. Бирок Советтер Союзу кулап, жаңы эгемен мамлекет курулуп жаткан кезде экологияга эмес, башка көйгөйлөргө деле көңүл бурууга өкмөттүн күчү жетчү эмес.  Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик орган да бирде түзүлүп, бирде башка мекемелерге кошулуп отуруп, кызыл китепти чыгаруу, анын аткарылышын көзөмөлдөө колго алынбай калган. 2005-жылы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Андан көп өтпөй, кызыл китепке кирчү жандыктардын тизмеси Өкмөттүн жобосу менен бекитилген. Бирок кызыл китепти чыгарууга каражат табылбай, акырында бул китеп үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы токойлорду сактоо боюнча атайы программа 20 миң АКШ долларын бөлүп берген. Бул китепте сейрек кездешкен Марко Поло аркары, гималай күрөң аюусу, сибир аркары, ак илбирс, кызыл карышкыр, ителги жана башка өңдүү жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 202 түрү кирген. Салыштырып көрсөк, кызыл китептин биринчи чыгарылышында бул сан эки эсеге аз.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА