Кыргызстанда манасологдордун Эл аралык ассоциациясы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында Ассоциациянын жетекчиси Талантаалы Бакчиев билдирди.

Анын айтымында, эл аралык маанидеги коомдук илимий бирикмени түзүү, илимий-техникалык прогресстин шарттарындагы азыркы илимдин талабы болуп калды.

«Максатыбыз – баардык манас таануучуларды бириктирүү. Азыр манасчыларды бириктирип жатабыз. Чет мамлекеттер үчүн «Манас» эпосун жана айтуу искусствосун тереңдетип изилдөө. Ассоциация изилдөө, жергиликтүү жана чет элдик дастанчылардын байланыштарын орнотуу жана өнүктүрүү менен тыгыз иш алып барат. Биз «Манас» эпосу менен иш алып барган баардык адистерди бириктирүүнү каалайбыз. Бул дастанчылык искусствонун феномени»,- деди ал.

Ал мындан тышкары, Ассоциация билим берүү бөлүгүн да карап жаткандыгын кошумчалады. «Биз манас таануучуларды даярдоо жана кайрадан даярдоо менен иштейбиз. Бүгүнкү күндө бизде бул тармактагы адистер жетишпейт. Буга катар эле биз тереңдетип жана ар тараптуу изилдөө үчүн илимий эмгектерди жарыялоого өзүбүздүн сайтыбызды ачууну пландап жатабыз», – деди ал.

Ассоциациянын мүчөсү Асель Исава өз кезегинде манасолог термини — талашуу жарата турган жаңы термин экенин белгиледи.

«Биз эпосту изилдөөнүн дагы тереңдетилген жаңы этабын киргизүүнү каалайбыз. Бул илим тармагындагы жаңы термин. «Манас» эпосу тирүү жана биз аны келечек муунга максималдуу өткөрүп беришибиз керек», – деди ал.

364385e4fbc0f1705e8b762eadd07211_500_0_0