Кыргызстанда эгемендиктин жылдарында мечиттердин саны 40тан 2 миңге жетти
Азыркы учурда Кыргызстанда 2 миңден ашуун мечит иштейт. 1991-жылы алар 40тан аз болчу. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан конфессиялар аралык форумда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаштар жана ар кандай агымдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Данияр Мурадилов маалымдады.
Анын маалыматы боюнча, бүгүн республикада 50дөн ашуун медресе, 1 ислам университети, 8 ислам институту иштейт. Алардын көп бөлүгү чет жактык демөөрчүлөрдүн эсебинен курулган.
«Кыргызстандык 1 миңге жакын студенттер Египеттин, Түркиянын, Пакистандын, Сириянын, Иорданиянын, Ливандын, Марокконун, Алжирдин жана Кувейттин ислам окуу жайларында билим алышат. Ошто диний окуу мекеемелеринин Ассоциация иштейт. Ош мамлекеттик университетине караштуу 2 теологиялык факультет жана алардын бир Бишкек шаарынын чет жагында», – деди Д.Мурадилов.
СССРдин кулашынан кийин православга агылгандардын саны дагы тездик менен өсө баштаган жана 90-жылдардын башында алардын саны 97 жеткен, деп билдирди КМДБ өкүлү.
Ал, Кыргызстанга православдын келиши 1990-жылы Ташкентте диний окуу мекеменин ачылышы менен толукталгандыгын кошумчалады.


Комментарий кошуу