мала1

Рубрикабыздын бул жолку коногу – “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев.

Иш планынын негизинде жетекчи менен бирге темир жолдогу иш ыргак менен тааныштык. Жетекчи Аргынбек Малабаев менен таң эрте Пишпекте жайгашкан “Бишкек – I” темир жол станциясынан жолугуп, тепловоздордун абалы менен таанышуудан баштадык. Аргынбек мырза өзү 15 жашынан тартып темир жолдо иштегендиктен, тепловоздорду, шпалдарды жана вагон ремонттоо жумуштарын абдан жакшы өздөштүрүптүр. Орун басары Алмазбек Ногойбаев менен бирге Казакстандан алынып келинген жаңы тепловоздордун абалын кылдат карап чыкты. Машинисттер менен баарлашып, аларга ар бир механизмди көздүн карегиндей сактоону өтүндү.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги буга чейин тепловоз паркын модернизациялоо маселесин карап чыгып, жаңы тепловоздорду сатып алуу чечимин кабыл алган болчу. Адистер тарабынан Россия Федерациясынын ири “Трансмашхолдинг” компаниясынын алдындагы Брянск, Коломенск, Луганск тепловоз заводдору, Украина, Германия, жана Европа өлкөлөрүнүн тепловоз чыгаруучу ишканалары изилденип чыккан. Жыйынтыгында Казакстандын “Локомотив курастыру зауыты” Акционердик коому тандалып алынып, алардын өндүрүшүнөн чыгарылган ТЭ33А Evolution ( Эволюшн ) моделиндеги тепловоздорду сатып алуу чечимине келишкен. Ошентип, 2013-жылы “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы жана Казакстандын “Локомотив Курастыру зауыты” Акционердик коомунун ортосунда тепловоз сатып алуу боюнча атайын макулдашууларга кол коюлган. Жаңы тепловоздорду Бишкекте “Кыргыз темир жолунун” Локомотивдик депосу кабыл алды. Учурда 6 жаңы локомотив техникалык мүнөздөмөсүнө жараша жогорку деңгээлде иштейт.

“ТЭ33А Evolution” (Эволюшн) моделиндеги бешинчи муундагы тепловоздор Казакстандын “Локомотив курастыру зауыты” Акционердик коомунда жасалат. Бир тепловоздун баасы – 4,7 млн. Америка долларына барабар.

ТЭ33А Evolution (Эволюшн) моделиндеги тепловоздун техникалык параметрлери жогору. Атмосферага чыккан заттардын деңгээли 40%га төмөн. Жабдуулар микропроцессордук система аркылуу башкарылат. Ылдамдыгы саатына 120 чакырым. 2011-жылдын январь, март айларында Якутиянын оор климаттык шарттарында сыноодон өткөн жана 53 градус суукта да эч кандай тоскоолдуксуз иштей ала тургандыгы далилденген. 2012-жылы “Тажикстан темир жолу” ишканасы да ушул моделдеги тепловозду сатып алган, алардын тажрыйбасына таянсак, 1 тепловоз мурдагы 5 тепловоздун жумушун аткарат. Иштөө мөөнөтү- 40 жыл.

11:09да Аргынбек Малабаев иш бөлмөсүнө кирди, каттарды карап кол коюуга да үлгүрдү. “Убакытты туура пайдаланып, иш кагаздарын карап чыкпасам, кийинки күнгө чейин чечүүнү талап кылган маселелер жаралып калышы ыктымал. Темир жолдо ар бир маселени өз убагында чечпесең, эртеси кеч болуп калат. Себеби, Россияга 3 багыт боюнча жүргүнчүлөрдү жана миңдеген тоннадагы жүк кечиктирилбей ташылып турушу керек,”- дейт темир жол башчысы.

Саат жебеси 16:15ти какканда Аргынбек Малабаев темир жолчулардын “Локомотив” спорт комплексине бет алды. Анда футбол боюнча темир жолчулардын турнири өтүп жаткан. Кызыктуу мелдештерге күбө болуу менен бирге аталган спорт комплекси боюнча да кеңири маалымат берди. “Ден соолукту бекемдөө – башкы максаттардын бири” – деп сөзүн баштады Аргынбек мырза. Ушул максатта “Кыргыз темир жолу” 2008-жылы “Локомотив” деп аталган спорт комплексинин курулушун баштаган. Буга чейин бул жерде стадион гана жайгашкан болчу. Курулушка сарпталган каражат толугу менен “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы ишканалардын арасында биринчи жолу мындай чоң долбоор ишке ашып олтурат. Долбоордун негизинде көп тармактуу спорт комплекси курулуп, анда муз тебүү аренасы, хореография жана бий залдары, машыгуучулар жана машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр пайдаланууга берилди. Бүгүнкү күндө мында жыл бою массалык муз тебүүгө, театралдык оюн-зоокторду өткөрүүгө, хоккей, футбол сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгууга жана турнирлерди өткөрүүгө бардык шарттар бар.

Спорт комплекси темир жолчуларга гана эмес жалпы шаардыктарга сергек жашоо мүнөзүн жана эс алууну тартуулайт. Муз тебүүчү жайдын жалпы аянты: 1122 кв.м. Бир мезгилде 150 адам муз тебе алат.

Орундуктар 850 көрүүчүгө ылайыкташтырылган. Ден соолукту бекемдөө жайына көз чаптырып олтуруп, Аргынбек Малабаев менен учкай маектештик.

– Аргынбек мырза, бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

-Жекшемби күнү гана дем алам. Ишемби күнү жарандарды кабыл алып, алардын суроо-талаптарын угам. Бир күн болсо да дем алыш күнүмдү таза абада – тоо тарапта өткөрөм. Айрыкча кыш мезгилинде бутума лыжа байлап, ден соолукту бекемдейм. Ал эми жайкы эс алуу учурунда Бишкектин жогору жагындагы Чуңкурчак жайлоосунда болом. Жакындарым менен бирге саамал ичип, дагы эле ден соолукту чыңдоо аракетин көрөм. Чоңойгон айылым тоо арасында болгондуктан, тоого жакынмын.

-Кандай адамдык сапаттарды жактырасыз ?

-Тактыкты жактырам. Берилген тапшырманы так аткарып, чынчыл болгонго не жетсин. Анан дагы адам баласы ак ниет, кайрымдуу болушу абзел. Жардам сурагандарга бир туугандык колун созгондорду жогору баалайм.

– Маданиятка болгон көз карашыңыз?

– Улуттук колоритте жазылган нукура элдик чыгармаларды баалайм. Биз ошол накта элдик обондордон таасир алып чоңойдук. Рыспай Абдыкадыровдон тартып, Казаков, Керимбаев, Мамажановдун ырларын угам. Жолдошбек Мамажанов менен таанышып калган жайым бар. Азыр да маданият, искусство тармагында ошол элдик обондор мага жакын.

– Жаштарга эмне айтаар элеңиз?

– Азыркы жаштар заманга жараша билимдүү, илимдүү. 21-кылым маалымат технологияларынын кылымы эмеспи. Андыктан, бүгүнкү күндүн жаштары – эртеңки келечегибиз. Билим, эмгек жана жогорку адамгерчилик адамды ийгиликке жетелейт. Айтор, жаштар ааламдашуу доорунун бардык өзгөрүүлөрүнө даяр болушу абзел.

-Күндөлүк маалыматтарды кайдан аласыз?

– Мен такай кыргыз телевидениесин көрүп, “Кыргыз радиосун” угам. Ал эми гезиттер боюнча айтсам: жакшы жактарыбызды даңазалап, илгери жашоого салым кошсо деген ойдомун. Анткени, окурмандарды, элибизди дал ушул гезит-журналдар кандайдыр бир деңгээлде тарбиялайт эмеспи.

 Сааттын жебеси он жетини какканда Аргынбек мырза дагы эки мекемени карап чыгууга бет алды. Темир жолдо 6 миңден ашык адам иштейт. 10 филиал жана түштүк бөлүмү бар. “Темир жолдо коопсуздук маселеси биринчи орунда турат. Ишибиз адам өмүрү менен түздөн-түз байланышкан. Ошондуктан, темир жолдо такай көзөмөл керек. Ишкана Кыргызстандагы стратегиялык мекемелердин көч башында” – деп сөзүн аяктаган жетекчи менен коштошуп, ийгилик каалап кайттык.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА