кодекс

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзга кошулуусуна байланышкан мыйзамдардын пакетине кирет, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин кээ бир ченемдери Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирилет.

Тактап айтканда, Бажы союзунун мүчө-мамлекеттеринин аймагында чарба субъекттеринин ишинин алкагында кыйыр салыктарды башкаруунун жаңы эрежелери киргизилет.

Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союз тууралуу келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.