Кылмышкерлер кылтакка илинди
Бүгүн Кемин районунда каракчылык фактысы боюнча эки кылмышкер колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облустук башкармалыгынын маалымат кызматы билдирүү жасады.
Маалыматка таянсак, укук коргоо органынын кызматкерлери тарабынан октябрь айынын ортосунда Жаңы-Алыш айылынын тургунунун үйүнө уурулукка кирип, үй ээсин каракчылык менен коркутуп, 7 миң сом өлчөмүндөгү акчасын жана 4 миң долларлык бумдарын алып, качып кеткен эки кылмышкер колго түшүрүлгөн. Алардын бири мурда соттолгон Кемин районунун 30 жаштагы тургуну жана 27 жаштагы Панфилов районунун тургуну.
Учурда кармалгандардын үстүнөн 168-берене (каракчылык кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп, кылмышкерлердин башка дагы иштерге катыштыгы болгон, болбогондугу иликтенип жатат.
Динар ТУРДУГУЛОВА


Комментарий кошуу