Жерлердин бөлүнүп, майдаланып сатылып кетишине бөгөт коюуга багытталган мыйзам долбоору 1-окууда каралды
Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына (КР Жер кодексине, айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө мыйзамга) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев.
Демилгечинин маалыматына ылайык, БУУнун эсептөөлөрү боюнча мамлекет өзүнүн азык-түлүк коопсуздугун толук камсыз кылуу үчүн калктын жан башына 0.3 гадан кем эмес жер тилкеси туура келиши керек. Азыркы тапта бизде бул көрсөткүч 0.2 гага чейин төмөндөп кеткен. Жерлер, анын ичинде айыл чарба продукцияларынын 90 пайызын берген сугат айдоо жерлери улам азайгандан азайып баратат. Көптөгөн айыл чарба багытындагы жерлер коррупциялашкан жолдор менен бир категориядан экинчи категорияга өткөрүлүп, натыйжада шаар айланасындагы ири жер аянттары майдаланып, жеке турак жай курууга сатылып кетти. Киргизилген мораторийге карабасатан, шаарлардын жана айылдардын айланасындагы улуттук байлык болуп саналган айыл чарба багытындагы жерлердин көлөмү тездик менен кыскарууда. Мунун себеби айыл чарба багытындагы жерлердин бөлүнбөстүгүн камсыз кылган мыйзам менен бекитилген ченемдердин жоктугунда.
Мындан ары фермердик чарбалардагы жерлер ирилениши, айдоо жерлердин аянты көбөйтүшү гана керек. Ал үчүн, айыл чарба багытындагы жерлердин, бөлүнгүс болуп саналган белгилүү бир өлчөмүн мыйзам аркылуу бекитүү сунуш кылынат. Фермердик чарбалардагы жерлердин ирилешишине жана көбөйүшүнө ыңгайлуу болгон шарттар түзүлүшү зарыл. Мындай түзөтүүлөрдү киргизүү айыл чарба багытындагы жерлерди максатсыз пайдаланууну токтотууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде жерлерди бир категориядан экинчи категорияга негизсиз которууну токтотот. “Сунушталып жаткан мыйзам долбоору сугат айдоо жерлерин бөлүп-бөлүп, майдалап сатууга тыюу салууга багытталат”,- дейт демилгечи.
Мыйзам долбоорунда менчигинде 5 гектар жери болгон жаран аны майдалап сата албастыгы, маселен, 10 гектар болсо аны эки бөлүп гана сата ала тургандыгы сунушталган. Андан аз жерлер бөлүнбөстөн толугу менен сатылышы белгиленген.
Талкууда үй-бүлө ажырашкан маалда жер үлүшү кандай бөлүнөт деген маселе сот аркылуу чечиле тургандыгы белгилүү болду. Мыйзамдын кабыл алынышы менен фермердик чарбалардагы жерлердин ирилешүүсүнө, көбөйүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөөрү айтылды. Депутат Курмантай Абдиев жер үлүшүнө болгон укугун пайдалануу Башмыйзамда да көрсөтүлгөнүн, мындан улам адам укуктары бузулушу мүмкүндүгүн билдирди. Демилгечинин пикиринде коомдук кызыкчылык үчүн чектөөлөр Башмыйзамда да, эл аралык тажрыйбада да бар. 5 гектар деген чек маселесин регионго, шартка жараша кайра карап, талкуулоого макулдугун кошумчалады.
Бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алышты.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу