Жазык-аткаруу инспекциясынын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды
Чүй облусундагы Аламүдүн району боюнча жазык-аткаруу инспекциясынын инспектору пара талап кылды деген шек менен кармалды.
Экономикалык кылмыштар менен каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда билдиргендей, Аламүдүн району боюнча жазык-аткаруу инспекциясынын инспектору шарттуу соттолуучу катары эсепке акыркы число менен алуу үчүн 8 миң сом пара талап кылып жаткандыгы жөнүндө билдирүү боюнча ведомствонун кызматкерлери тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Инспектор талабынан баш тартылган соң камакка алуу тууралуу чечим чыгара тургандыгын айтып коркуткан.
« Аламүдүн району боюнча жазык-аткаруу инспекциясынын инспектору Ш.К. 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Аталган факты боюнча Аламүдүн прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесиндеги 1-бөлүм менен кылмыш иши козголду. Бишкектин тергөө абагына камакка алынган инспекторго карата Аламүдүн райондук соту эч жакка кетпөө чечимин чыгарды», – деп айтылат маалыматта.

Комментарий кошуу