погода

КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей,2014-жылдын 26-ноябрында абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суукка чейин, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз       -8…-13° суук, бийик  тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз  -15…-20° суук болушу күтүлөт.
Мындай аба-ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону, унаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.