Жарандардын укугун коргоодо жасалуучу иштер көп
КРнын Өкмөтүнүн Талас областтык өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында укук коргоо органдарынын, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн жыйын областтык прокуратура, жарандык коом жана массалык маалымдоо каражаттарынын ортосунда мыйзамдуулукту камсыздоодо биргелешип аракеттенүү боюнча меморандумду кабыл алуу маселесине арналды.
Областта жарандардын укугун коргоо боюнча эки айлык жарыяланып, бул максатта бир топ иштер аткарылган. Ошол эле учурда адам укугун бузуу фактылары аз эмес. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын областтагы өкүлү А. Момунтаева белгилеп айтты. – Ар бир адамдын жеке кызыкчылыгы, өзүнүн көз карашы, эркиндиги бардык нерседен жогору турат. Тилекке каршы, мен адам укугунун бузулганын күн сайын көрүп жүрөм. Бизге жыл башынан бери 316 арыз келип түштү. Көпчүлүгү сот системасына даттануулар. Айрымдары кеңеш сурашса, айрымдары жардамга муктаж.
Сөзүндө А. Момунтаева кылмышка шектүү катары кармалгандар ИВСке жеткенче эле милиция тарабынан көгала болуп сабалып калаарын белгиледи. ИВСтердин санитардык абалы жакшырып, жолго салынып баратканын айтты. Акйыкатчынын областтагы өкүлүнүн пикиринде, биздин жарандарыбыздын юридикалык билими төмөн. Ошонун айынан күйөөсү менен ажырашкан аялдардын көбү үйгө, жерге болгон укуктарынан ажырап калышууда. Дагы бир көйгөйлүү маселе бул- алимент маселеси. Эки-үч баласы менен калган энелер мурдагы күйөөсүнөн балдары үчүн алиментти убагында ала алышпайт. –Мен ушунча иштеп жүрүп деги бир да эненин сот аткаруучуларга ыраазы болгонун көргөнүм жок. Турмушубузда кордолуп, зордолуп калган аялдар көп учуроодо. Ар бирибиз тегерек чекебизди карап, бири бирибизге жардамдашалы, тазаралы,- деди Арзыкан Момунтаева.
Адам укуктарын коргоо боюнча улуттук борбордун жетекчиси Н.Абдраимов убактылуу кармоочу жайга, карылар үйүнө, балдар үйүнө текшерүүгө барышканын белгиледи. Кылмышка шектүү үч аял бир камерада олтурганына күбө болгонун, мындай көрүнүш иликтөө ишине тоскоол болоорун айтты. – Милиция кызматерлеринин көбү ижарага алган батирде турушат, аларга кызматтык батирлер берилсе, өз ишине жоопкерчилик менен карап, жумушка деген дилгирлиги артмак,-деп айтты ал.
Областта кулчулук боюнча иш катталган эмес. Жарандардан арыз-доолор областтык ички иштер башкармалыгына көп түшөт. Ошол эле учурда арыз-доочулардын арасында араздашкан адамы менен эртеси табышып алгандары арбын учурайт. Кантсе да бардык учурда мыйзам талаптарынын так аткарылышына жетишүү маанилүү. Бул максатта укук когоо органдары, жарандык коомчулук жана массалык маалымдоо каражаттары биргелешип акыйкаттык үчүн иштешсе, жарандардын укугун коргоодо жакшы иштер жасалары бышык.
Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу


Комментарий кошуу