талас эстелик

Кыргыз Республикасында мамлекетти бекемдөө жылынын жана Талас областынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгынын урматына Талас шаарындагы «Жолчу» ЖАКынын  жетекчиси  Эсен Назаралиев  областтагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин арасында мына ушундай аталыштагы сынакты жарыялаган. Жакында калыстар тобу тарабынан сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Талас областтык «Талас Турмушу» гезитинин, Талас областтык телерадио компаниясынын, Талас шаардык «Жаңы багыт» гезитинин кызматкерлери жана жеке авторлор алды 7 миң сом, арты 1 миң сомго чейинки  акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Белгилүү коомдук ишмер Эсен Назаралиев «Жолчу» ЖАКы келерки жылы да журналисттерге чыгармачылык демөөр берип, материалдык колдоого алган мындай саамалыкты  улантып, байгенин корун 100 миң сомго чейин  жогорулатышарын белгиледи.

Карамагында асфальт чыгаруучу заводу жана заманбап үлгүдөгү кубаттуу техникалары бар аталган ишкана  областта жол куруу, асфальттоо,  мектеп куруу иштерин сапаттуу жүргүзүп жана өз маалында бүткөрүп келатат. Өткөн үч жылдын аралыгында «Жолчу» тарабынан областтын аймагында 2, 5 млн сомдук жумуштар акысыз бүткөрүлгөн.  Анын 300 миң сому Талас шаарында жасалаган.

Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу