Өз өмүрүнө кол салуу аракети менен 26 жаштагы жигит кан тамырын кесип салган
Бишкек шаардык тез жардам кызматы станциясы акыркы сутка ичинде 378 чакыруу боюнча чыкты.
Станция бүгүн, 4-декабрда АКИpress агенттигине билдиргендей, акыркы сутка ичинде 90 адам ооруканаларга жаткырылды. Кечээ, 3-декабрда саат 09:35те өз өмүрүнө кол салуу аракети менен кан тамырын кесип салган 26 жаштагы жигитке ордунда жардам көрсөтүлдү.
Саат 01:52де Ала-Тоо конушунун аймагында белгисиз бирөөлөр тарабынан кол салуу болуп, жаракат алган 22 жаштагы жигит ооруканага жаткырылды.
Саат 19:07де өз өмүрүнө кол салуу аракети менен дары-дармектерге ууланып калган 40 жаштагы эркек адамга жардам көрсөтүлдү.
Акыркы сутка ичинде шаар аймагында 3 өлүм (жашына байланыштуу) катталды.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу