биометр

 Учурда мамлекет тарабынан жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча иштер  жигердүү уланууда. Айрым жарандар бул процесске активдүү катышып жатышса, айрымдары биометрикалык маалыматтарын берүүдөн баш тартууга аракет кылууда. Баш тарткан жарандардын пикиринде биометрикалык маалыматтарды чогултууда коопсуздук маселеси бар. Коопсуздук маселеси боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев мындайча жооп берди.
“Биометрикалык маалыматтарды чогултууда биз жалаң компетенттүү адистерди тандап алдык. Учурда 900 оператор иштеп жатат. Жалпысынан региондордо атайын адистер менен 1500 адис иш алып барууда. Ошондой эле, биометрикалык маалыматтар атайын бирдиктүү базада сакталат. Атайын электрондук сертификат болот. Ал компьютердеги бардык маалыматтарды купуя коргоп турат. Операторлор дагы өз кызыкчылыгы менен ал системага кире албайт. Жөнөкөй флешка менен дагы маалыматтарды көчүрүп алууга мүмкүн эмес. Бардык купуя катылган материалдар шифрленген. Ошондуктан бул нерседен коркуунун кереги жок. Ошондой эле, бирөөнүн колунун изи менен атайын иш-аракеттерди эч ким кыла албайт. Ар кимдин өз маалыматы өзүнө гана тиешелүү болот. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу бир гана шайлоого добуш берүүгө эмес, үй даректерин алмаштырган жарандарга, паспортторду алууга, жөлөк пул, пенсия жана башка мамлекеттик иштерде чоң жеңилдиктерди берет. Мурдагыдай справкаларды чогултуу, бир шаардан экинчи шаарга барып документтерди алуунун муктаждыгы болбойт”,-дейт Дастан Догоев.
“Кабар-Пресс” ММК, Мамлекеттик маалымат кызматы