чүкө ойногон

Жакында И.Арабаев атындагы университетте “Кыргыз жарандарынын ысымдарын бир иретке келтирүүнүн зарылдыгы” аттуу практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов, Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев, коомдук ишмерлер Топчубек Тургуналиев, Кусейин Исаев, Байас Турал, Осмон Саткеев ж.б. катышты. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аалы Молдоканов ысымдарды иретке келтирүү боюнча буга чейинки бир топ пикирлерде эркек балдарга атанын атынан кийин тегин, тек, эр, изи, кошой деген мүчөлөрдү фамилияга кошуп айтуу керектигин, кийин бул ойдон кайтып, эң эле жагымдуусу жана жөнөкөйү Жусуп Мамай, Азамат Алтай сыяктуу кыска-нуска ысымга ээ болууну сунуштады. Көпчүлүгү орустарга тиешелүү фамилиядагы -ов, -ев уландыларын кошпой, кыргыздын өздүк ысымдарына ээ болууну жактады.

Топчубек Тургуналиев ысымдарды жазууда каталар кетип, ошол боюнча калыптанганына жаны кейиди. Мисалы, Сагынбай Орозбаковдун аты бузулуп, Сагымбай болуп калганын айтты. 1916-жылы Беловодскиде чоң кыргын болгон, анын өз аты Ак-Суу болчу. Кийин жердин аты которулуп, алмашып кетти. Жер-суу аттарын кайра кайтарууга болот, бирок, адам аттарына келгенде айла кетет, – деди. Адам аттары жөнүндө китеп жазган Байас Турал бир эл башка бир элди басып алганда ал жерге өз тилинде аттарды ыйгараарын, өлгөндөн кийин ысымдары да ошол жерге таандык экенин ырастап койгондуктан, ал жер тарыхый кимдики экендиги билинбей калган учурлар кездешерин, кыргыздар азыр балдарга араб, европалыктардын ысымдарын коюп, баш аламан болуп жатканына нааразы болду. Жыйында ысымга байланыштуу курч ойлор айтылды, кеп дагы уланат өңдөнөт…

Сымбат МАКСУТОВА