Конкурс! Кыргызстанда кайсы банк мыкты?
Жаңырган жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланды. Өлкө башчысынын бул демилгеси колдоого алаарлык. Анткени, экономикабыз чыңдалбаса, башка эч бир тармакты көтөрө албайбыз. Президент Атамбаевдин бул жарлыгына ылайык кабыл алынган токтомдо: бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга, финансы секторун өнүктүрүүгө, тикелей чет элдик жана улуттук инвестицияларды тартууга, бизнестин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү коомчулуктун өз ара мамилелеринин ачык-айкын жана түшүнүктүү эрежелерин аныктоо зарылдыгы баса белгиленген.
Биз алгач, өлкө аймагында ишмердигин жүргүзүп келаткан банктардын мыктысын аныктайлы деп чечтик. “Эркин Тоо” гезити окурмандар арасында “Эң мыкты банк” сынагын жарыялайт.
Сынактын шарттары: Кыргызстанда иштеп жаткан ар бир банктын ишмердиги, калкка көрсөтүп жаткан кызматы, кредиттик портфелдеринин өсүшү, тейлөө сапатынын жакшыртылышы, элге насыя берүүдө үстөк пайыздардын төмөндүгү, банк тармагында артыкчылыктары тизмектелип, “Эркин Тоо” гезитинде жарыяланууга тийиш.
Сынак 2015-жылдын декабрь айында гезиттин расмий сайтындагы добуш берүү менен жыйынтыкталат. Сынакка жөнөтүлгөн материалдар “Сынакка” деген белги менен белгиленет.
Эң көп добуш алган үч банк жыл соңунда гезиттин мыктыларды аныктоо аземинде аталып, атайын сыйлыктар менен сыйланат.


Комментарий кошуу