УКМК чет элдик жарандардын мыйзамсыз кирүү каналын ачыктады
Ушул жылдын 9-декабрында УКМКнын органдары тарабынан Афганистандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүү каналы аныкталды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мамлекеттик чек араны бузушкан Афганистандын жарандары А.А., М.А. жана А.Ж. кармалды. Качкындардын иштери боюнча БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын качкын күбөлүгү бар ысымы акыркы аталган адам, мыйзамсыз каналды уюштурууга шектелүүдө.
Бул факт боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмы-жаза кодексинин 2014-1-беренеси (мыйзамсыз миграция уюштуруу), 30-берене (бирге иштешүү) жана 346-берене (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголду.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Иликтөө иштери улантылууда.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу