банк
 Свердлов РИИБнын кызматкерлери тарабынан шаардык ЖОЖдун бирине өтүүгө жардам кылууну убадалаган алдамчы кармалгандыгын бүгүн, 11-декабрда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы маалымдады.

Мурдараак бишкектик 21 жаштагы тургун К.Астра милицияга, чала тааныш Канат аттуу жигит Кыргыз-орус Славян университетине окууга өткөрүүгө убада берип 137 миң сом өлчөмүндөгү акчасын алгандыгын айтып кайрылган.

Свердлов РИИБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгында шаардын А.Канат аттуу 24 жаштагы тургуну кармалды.

Иликтөө иштери улантылууда