самолет

Бул ирет биз Биринчи вице-премьерди бир күн ээрчидик. 19-декабрда таң эрте – “Манас” аэропортунда болдук. Тайырбек САРПАШЕВ мырза Кыргызстанга Түркия тарабынан берилген “Акмарал” аталган “Боинг 737-800” жаңы учагын кабыл алды.

КР биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улан Уезбаев, Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Мураталы Токтобеков, Эл аралык “Манас” аэропортунун директорунун милдетин аткаруучу Илим Карыпбеков, Жарандык авиациясынын Авиациялык ишканалар ассоциациясынын жетекчиси Таалайбек Океновдор самолеттун ичине баш багышты. Ичи таза, жагымдуу, 189 орундуу экен. “Боинг 737-800” самолету мурдагы классикалык боингдерден айырмаланып, жаңы муундагы учактардын катарына кирет.

Эки тараптын бири-бирине өткөрүп берүү колу коюлган соң, “Пегасус Эйрлайн” вице-президенти капитан Кемаль Хелваджы оглы “Боинг 737-800” самолетунун ачкычын Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге тапшырды. Тайырбек Сарпашев аба каттамдарынын жылдан-жылга өсүп-өнүгүп жатканын баса белгилеп, “Акмаралды” жалгызсыратпай, анын “жигитин” да табыш керектигин тамаша-чынга аралаштыра айта кетти.

Андан соң, Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев шаар борборуна кайтып, эски аянттагы иш-чарага бет алды. Бишкек шаарындагы эски аянтта “Беларусь 82.1” жана “Нива эффект СКS” маркасындагы 19 трактор дыйкандарга Өкмөт тарабынан тапшырылды.

Андан кийинки кабинетиндеги иштерден алаксытпайлы, келгендерди жай кабыл алсын деп төмөнкү маек менен бул жолку материалыбызды жыйынтыктадык.

– Тайырбек Дүйшекеевич, Кыргызстанда биометрикалык каттоодон өтүү абалы кандай?

– Күнүнө 60 миңдей адам биометрикалык маалыматын тапшырып, абдан жакшы темпте кетип жатат. Учурдан пайдаланып, ушул биометрикалык базасын тапшырган адамдарга мамлекетти бекемдөөгө, башкарууга, жөнөкөйлөштүрүүгө, таза шайлоо өткөрүүгө жана өлкөбүздөгү каттоо системасын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Жума аягына чейин 1,5 миллиондон ашуун адамдын каттоодон өтүшү күтүлүүдө. Жылдын аягына чейин 1 млн. 800 миң жарандардын биометрикалык базасын топтоого мүмкүнчүлүк бар. Өзгөчө, 57 пайыз тапшырган Ош шаарын баса белгилеп кетким келет. Андан кийинки орунда Ош облусу келатат. Бишкек шаарында элдин саны көптүгүнөн уламбы, Ошко караганда жай темпте. Күнүнө 5000, 8000 киши гана каттоодон өтүүдө. Процент жагын алганда, Оштон азыраак. Бирок, жандана баштады десек болот. 1-мартка чейин региондо жашап жаткан айылдардан, калктуу пункттардан, райондордон жыйнап бүтүү максатын койгонбуз. Кийинки этабында албетте, сыртта жүргөн жарандар, мигранттар боюнча пландар иштелип чыккан.

Коопсуздук боюнча бир топ суроолор бар, бирок мамлекет кепилдик берет. Биометрикалык база мамлекеттик каттоо кызматында болот. Башка мамлекеттик органдарга берилбейт, керек учурда гана пайдаланылат.

– Биометрикалык каттоону жалаң шайлоого байланышкан деп түшүнсөк болобу?

– Негизи шайлоого деп тездетилген программасын кабыл алганбыз. Башка өлкөлөрдө бул процесс 3-5 жылда жасалат. Бирок, бизде биометрикалык базаны чогултуунун сааты келип калган. Анткени, дүйнөлүк технология өсүп-өркүндөөдө, жарандардын коопсуздугу үчүн жаңы технологияларды колдонуу зарылдыгы бар. Кылмышкерлер менен күрөшүү жана жарандардын справка алууларын жөнөкөйлөштүрүү үчүн керек. Себеби, пособие, пенсия чектелгенде деле жарандарыбыз кыйналууда. Биометрикалык базада жарандын туулган жылы, дареги такталат. Шайлоочунун тизмеси бүдөмүк эмес, даана болот. Анткени, бүгүнкү күндө ар бир айылда мурда Боршайком түзгөн тизмеде көптөгөн жарандар бир жакка кетип калышкан. Туруктуу жерин алмаштыргандар бар. Россияга же башка өлкөлөргө көчүп кеткендер толтура. Мисалы, биздин маалымат боюнча, бир эле Италия өлкөсүндө 5-6 миң жараныбыз жашайт. Биометрикалык базадан ушуга окшогондордун так саны чыгат. Канча жараныбыз сыртта, канча жараныбыз өлкөбүздө экенин тактоого мүмкүнчүлүк жаралат.

– Каттоодон өтүүнү каалаган адамдар каяктан өтөт?

– Бишкекте каттоодон өтө турган 50 пункт бар. Ал тургай, үйүнөн чыга албаган жарандарды үйүнө барып каттоодон өткөрүү боюнча программа түзүлгөн. Азырынча активдүү жарандар тапшырып, пункттарда кезек күчөөдө. Биринчилерден болуп өткөн ишемби күнү Токтогул районунун Бел-Алды айылы толук өтүп бүттү. Эсеп боюнча 1700 жаран болсо, 1400 жаран каттоодон өтүп, калгандарынын кайсыл жерде жүргөндүгү такталып, райондун жетекчиси, штаб аркылуу тактала баштады. Алай, Кара-Кулжа районунун кээ бир айылдарында да иш аяктап калды. Эми мурдагы Боршайкомдун тизмесин алып, ким бар, ким жок экенин салыштырып жатат. Бул каттоодо жалаң эле шайлоочулардын эмес, дегеле өлкөбүздө канча жаран жашап жаткандыгы да такталат.

– Айыл чарбасында быйыл эмне кеп?

– Узап бараткан жыл айыл чарба тармагы үчүн оор жылдардын бири болду. Суу маселеси абдан тартыш болду. Ошондуктан, былтыркыга караганда өзгөчө Чүй облусунда түшүм бир топ төмөн. Ал эми Ош, Жалал-Абад облусунда өткөн жылдагыдан дан эгин кем болгон жок. Айрым райондордо андан да ашык болду. Анан суунун тартыштыгынын себебинен, биз жаңы технологияларды колдонуу боюнча атайын долбоор түзүп жатабыз. Президентибиз Алмазбек Атамбаевди 2017-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын негизинде (Улуттук кеңеш бекиткен) жаңы жерлерди (жылына 10 гектар) өздөштүрүү максат коюлган. Буга бюджеттен акча карап жатабыз. 2015-жылда дагы 5 миллиарддан кем эмес жеңилдетилген кредит беребиз. Быйыл мына айыл чарбасына 5 миллиард 300 миллион, 10 пайыз үстөгү менен кредит берип бүттүк. Азыр эле Евразия өнүктүрүү банкынан 20 жылдык мөөнөткө 20 миллион доллар алдык. 2015-жылы миңден ашык тракторду лизингге беребиз. Башкача айтканда, дыйкандар комбайнды, тракторду тандап алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бүгүн жыйырмадан ашык трактор, комбайнды дыйкандарга тапшырдык. Эми январь айынан тартып ай сайын жүздөн трактор алганга мүмкүнчүлүк пайда болду. Өкмөт түзүп берген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калгыла деп дыйкандарга кайрылып кетээр элем.

– Жакында кедей өлкөлөрдүн катарынан суурулуп чыктык. Алдыда пландар кандай?

– Албетте, мурдагы мезгилге салыштырмалуу айыл жеринде турмуш бир топ жакшырды. Бишкек шаарындагы машиналардын көптүгү да чоң көрсөткүч. Андан сырткары, электр, бензин, күйүүчү майды керектөөлөр жыл сайын 10 пайызга жакын өсүп жатат. Демек, бул дагы анча билинбегени менен ар бир жарандын турмуш шартынын жакшырышынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Албетте, бизде көмүскө экономика жана анын учетко алынбаган жагы да бар. Бул маселе боюнча Өкмөт иш алып барууда. Өткөн жылы өлкөбүздө 10 пайыздан ашык өсүш болду. Европа өлкөлөрүндө 1 пайызга өсүш болуп жаткан учурда, быйыл биз 4 пайызга өсүүгө жетиштик. Маселен, курулуш тармагы жыл сайын 17, 18 пайызга жогорулоодо. Демек, элдин турмушу жакшырганда адамдар каражатын курулушка жумшоодо деп түшүнсөк болот.

– Араб өлкөлөрү менен болгон байланыштын негизги пайдасы кандай?

– Жакында Президентибиз Алмазбек Атамбаев араб өлкөлөрүнө барып, 2017-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы долбоору боюнча сүйлөшүп келди. Бул боюнча Өкмөт макулдук берилген, макулдук алынган долбоордун негизинде иштейбиз. Алар бизге инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. 1 млрд. 200 млн. долларлык инвестиция долбоорлорун иш жүзүнө ашырууга тийишпиз.

– Бажы биримдиги боюнча элдин эки көз карашы бар. Келечек үчүн жакшы, бирок, көп нерселер кымбаттайт дешет…

– Албетте, эки жагы бар. Биринчиден, айыл чарба продукциялары кымбатташы мүмкүн. Анткени, булар Россия, Казакстанда бизге караганда бир топ кымбат. Экинчиден, бизде жакшы, сапаттуу алма, өрүк, жаңгак өсөт. Эгер аларды экспорттоо башталса, баасы жогорулайт. Бирок, мындан ким утат? Албетте, дыйкандар. Кымбатыраак сатат. Мамлекет тарабынан албетте, буга шарт түзүп беришибиз абзел. Экспорттоо потенциалын өстүрүү керек. Дүйнө жүзүндө интеграциялык процесстер өтө ылдамдык менен жүрүүдө. Аалам менен байланышпай, коргондун ичинде өнүгүү мүмкүн эмес. Негизинен, Кыргызстан-Кытай, Россия, Казакстан менен соода-сатык байланыш, товар жүгүртүү алакабыз чоң. Буга Белоруссия менен Армения да кошулууда. Ушул Евразия бирикмесине кирсек, чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жаңы рыноктор пайда болот. Маселен, Европа өлкөлөрү биригип, бир чоң альянсты түзүп, бирдиктүү валюта менен иштеп жатышат. Кээ бирөөлөр көз карандысыздыкты жоготобуз деп туура эмес маалыматтарды таратышууда. Биздин экономикалык союзга болгон алакабыз бирдиктүү бажы тарифтерин киргизүү менен гана чектелген. Калган маселелер эгемендүү мамлекетибиздин конституциясынын негизинде гана чечилет.

Даярдаган Карбалас БАКИРОВ