ала-арча тазалоо

2014-жылдын 17-декабрында Ала-Арча дарыясына топтолгон музду тазалоо иштери ошондон бери улантылууда.

Биринчи май районунда2014-жылдын 23-декабры күнү Малдыбаев көчөсүндөгү «Космос» дүкөнүнүн жанында КРнын ӨКМнен 2 самосвал жана 2 адам, “Жашылдандыруу” ишканасынан 5 адам, “Бишкек суу чарба” ишканасынан 1 самосвал, “Бишкек жылуулук тармагы” коммуналдык ишканасы тарабынан 1 самосвал, 2 адам,“Гранстар” ЖЧКнан (ОсОО) 1 эксковатор, 1 адам,  №3-СМУ ишканасынан 1  самосвал, 1 эксковатор тартылып, аткарылган иштин көлөмү 800 м3 болду.

Ошондой эле Ленин районунда2014-жылдын 23-декабры күнү Толстой көчөсүнөн Кочкор көчөсүнө чейин КР ӨКМнен 1 эксковатор тартылып, аткарылган жумуштун көлөмү 630 м3түздү.

2014-жылдын 23-декабрындаРыскулов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта: №12 “ЭК” ишканасынан 1 эксковатор,“Жашылдандыруу” ишканасынан 1 трактор тартылып, «Бишкек суу чарба» ишканасынан 1 эксковатор, “Жашылдандыруу” ишканасынан 1 трактор, КР ӨКМнен 22 адам тартылып, аткарылган жумуштун көлөмү 694 м3 түздү.

2014-жылдын 23-декабрына аткарылган жумуштун жалпы көлөмү 2124м³ түзгөн, 2014-жылдын 17-декабрынан жумуш башталгандан бери аткарылган иштин жалпы көлөмү 13982м³ түзөт.