Түрксойдо Кыргызстандын өкүлү ишин баштады
Баш кеңсеси Анкара шаарында жайгашкан Түрк тилдүү мамлекеттердин маданият жана көркөм өнөр жаатындагы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов 17-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу Өкүлү болуп дайындалган Кожогелди Кулуевди аталган эл аралык уюмдун кызматкерлерине тааныштырды. Өз сөзүндө ал ТҮРКСОЙдун уюштурулушуна Кыргызстан абдан жигердүү катышкандыгын белгилеп, тилекке каршы каржылык төлөмдөргө байланыштуу Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу Өкүлү эми гана биринчи жолу кабыл алынып жаткандыгына, бул ТҮРКСОЙ эл аралык уюму үчүн чоң толуктоо болгондугуна токтолду.
Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу Өкүлү кызматына таланттуу кыргыз акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, бир нече жыл Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеген тажрыйбалуу жетекчи Кожогелди Кулуев дайындалгандыгын ТҮРКСОЙ жетекчиси баса белгилеп өттү.
Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу Өкүлү кызматына Кожогелди Кулуев Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин сунушу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен Кыргыз Республикасынын Президентинин макулдугу жана ТҮРКСОЙдун баш катчысынын буйругу менен дайындалган.


Комментарий кошуу