11 кабат үйдүн жашоочуларынын өмүрүн сактаган инспектор
Эл арасында өзүнчө эрдик жасаган адамдар көп болот. Бирок көбү билинбей, айтылбай кала берет. Биз ушул рубриканы ачуу менен эл арасында жамандыкка каршы туруп, жакшылыкты жан дили менен жасаган адамдар жөнүндө жазууну туура таптык. Анткени алар сөз кылууга, макталууга татыктуу. Биздин биринчи каарманыбыз – Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын участкалык инспектору Таалай Алымов болмокчу. Анын эрдигин шаардык милициянын пресс-кызматы айтып чыгып, ага мамлекеттик сыйлык берүү жөнүндө ИИМге кайрылышаарын билдиришти.
Окуя 13-ноябрь түнү Токтогул көчөсүндө жайгашкан 11 кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө болгон. Үйдүн жертөлөсүндө турган автоунаалардан өрт чыгып, тилсиз жоо ар бир машинаны чулгап, андан чыккан түтүн үйдүн жашоочуларын каптай баштаганда түнкү саат 02:49да 102ге кабар түшкөн. Биринчи болуп ал жерге Бишкек ИИБнин түнкү милиция батальону келген. Шаардык милициянын начальниги Кашкар Жунушалиевдин буйругу менен Биринчи Май райондук ИИБнин бардык курамы түп көтөрүлүп, өрттү өчүрүүгө катышышкан. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин милиционерлер үйдүн ар бир кабатына чуркап чыгышып, уктап жаткан жашоочуларды ойготуп, сыртка алып чыгышкан. Ал жерге биринчи болуп жеткен Таалай Алымов жашоочулардын эшигин тыкылдатып, көп адамдарды ойготууга жетишкен. Жашоочулар өрт чыгып, угар газы таралып жатканын билишкен эмес. Подъездде уюлгуган кара түтүндөн эч нерсе көрүнбөй калган. Аңгыча куткаруучулар келишип, милициялар менен бирдикте ар бир кабатка чыгышып, адамдарды ойготушкан. Карбаластаган жашоочулар эшигин ачык таштап, сыртка качып чыкканда противогаз кийген куткаруучулар менен милиционерлер ар бир эшикти жаап, тополоңдо уурулук болбосун деп үйлөрдү кайтарышкан. Бардык жашоочулар сыртка чыккандан кийин өрт таңкы 05.30да өчүрүлгөн. Морадерлук болбосу үчүн эртең менен комиссия түзүлүп адамдар өз үйлөрүнө сак-саламат, эч нерсеси жоголбой, так киргизилген. Өрт бир машинанын капотунан чыгып, аны байкаган күзөтчү суу чачып өчүрө албай койгон. Өрт ошондон уланып кеткен. Бул боюнча маалыматты Таалай Алымов өзү баяндап берди.
Бул тилсиз жоодон эки адам ооруканага жаткырылып, куткаруучулар 11 адамды куткарып калышкан. 30 адам эвакуацияланган, бирок 6 автоунаа турган жеринде өрттөнүп кеткен. Ушул түнү ыкчамдыгы менен өзгөчөлөнгөн Таалай Алымов болгонун милиция кызматкерлери белгилешүүдө.
Мындай эрдиктер башка адамдарга да үлгү катары таралса дейбиз. Андыктан, бирөөнүн эрдигин көргөн болсоңуздар, бизге куш тилиндей кабар салып жиберсеңиздер болот.
Сымбат Максутова


Комментарий кошуу