“Түрк дүйнөсү, руханий мурастар жана бүгүнкү маданият” аталыштагы симпозиум өттү
30-октябрда Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университет менен Туркиянын Еге университети уюштурган “Түрк дүйнөсү” руханий мурастар жана бүгүнкү маданият” деген эл аралык симпозиум болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев “Манас” улут биримдиги” деген илимий темада доклад жасап, Эгемендүү Кыргызстан демократиялык жолунда өнүгүп жаткан учурда “Манас” эпопеясындагы улуттун биримдиги идеясынын өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.
Бул иш-чарага Туркиядан, Азербайжандан, Тажикстандан, Башкыртыстандан жана башка өлкөлөрдөн окумуштуулар келишкен.
Түрк академиясы менен кызматташтык
Түрк академиясынын президенти, профессор Доорхан Кадыралы Токтогул Сатылгановдун 180 жылдыгына карата улуу акындын тандалган чыгармаларын филология илимдеринин доктору, акын Жанат Аскарбек кызы казак тилине которуп, басмага беришкенин академик Абдылдажан Акматалиевге 27-октябрда Астана шаарында өткөн “Түрк ааламы: улуу инсандар” деген эл аралык конференцияда билдирди. Акындын чыгармалары кыргыз жана казак тилдеринде бирге басылат. Китептин түзүүчүлөрү Абдылдажан Акматалиев жана Омор Сооронов.
Бул конференцияда академик А.Акматалиев жана тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин илимий баяндама жасашкан.
Конференцияга Монголиядан, Польшадан, Россиядан, Азербайжандан, Өзбекстандан, Түркиядан ж.б. мамлекеттерден окумуштуулар катышты.


Комментарий кошуу