Төрага А.Жээнбеков Жапония Парламентинин Кеңешчилер жыйынынын президенти М.Ямадзаки менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-ноябрда Жапония Парламетинин Кеңешчилер жыйынынын президенти Масааки Ямадзаки менен жолугушканда эки тараптуу кызматташтык мамилелердин кеңири алкагындагы маселелерди талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Төрага А.Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылдын февраль айында Жапонияга жасаган расмий иш сапарынын натыйжалуу болгонун, анын аркасында жетишилген макулдашууларды тараптар ырааттуу ишке ашырылып жатканын канааттануу менен белгиледи.
Алсак, А.Жээнбеков Жапония Өкмөтүнүн насыялык (йендик) карыз берүүлөрдү жаңыртуу чечимин кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстанга бир катар долбоорлор боюнча гранттык каражаттарды бөлүү да пландаштырылууда. Эки макулдашуудан турган биринчи пакет 2014-жылдын июлунда Жапониянын тышкы иштер министри Фумио Кишиданын Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын маалында түзүлгөнүн эске салган Төрага А.Жээнбеков 2 млн долларга жакын каражат өлчөмүндөгү «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасы» жана 21,5 млн долларга жакын каражат өлчөмүндөгү «Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы жолдорду күтүү жабдууларын жакшыртуу программасы» жөнүндөгү макулдашууларга кол коюу жолжоболору жакын арада күчүнө кире турганына ишеним артарын билдирди.
Ошондой эле Төрага «Манас» эл аралык аэропортун техникалык жактан жабдуу, «Ош-Баткен-Исфана» автожолунун айрым участокторун калыбына келтирүү жана «Ош-Бишкек» автожолун бойлото коргоо курулмаларын орнотуу долбоорлорун каржылоонун чечилишин тездетүү маселесине токтолду.
Төрага А.Жээнбеков Жапониянын жетекчилиги эл аралык деңгээлде демократияны алга жылдыруу аракеттерин жасап жатканын белгиледи. «Жапония арымдуу маселелерди чечүү долбоорлоруна, БУУ жана башка эл аралык уюмдардын ар кыл программаларын ишке ашырууга, ошондой эле Ооганстандагы абалды турукташтыруу жана Африка континентин өнүктүрүү жүрүмдөрүнө жыл сайын ири көлөмдөгү каржы каражаттарын салат. Бул Жапония элинин жалпы адамзатты өнүктүрүү жаатындагы зор салымы болуп саналат», – дейт ал.
А.Жээнбеков өз кесиптешинин көңүлүн Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү маселесине бурду. «Бизде 2015-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Биз Кыргызстан жарандарына убада бергенбиз, алар калыс, таза, ачык-айкын шайлоолорду күтүүдө. Демократиялуу, калыс жана атаандаштык шайлоолор Кыргызстанда тынчтыктын, туруктуулуктун, демек, Кыргызстандын андан ары ырааттуу өнүгүшүнүн өбөлгөсү болуп саналат», – деди Төрага. Ал жапон кесиптештерин Кыргызстанда өтө турган шайлоолордун жүрүшүнө байкоочу катары катышууга чакырды жана алардын 2010-жылдагы парламенттик жана 2011-жылдагы президенттик шайлоолорго байкоочу болуп катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жапония Парламетинин Кеңешчилер жыйынынын президенти М.Ямадзаки жапон тараптын 2015-жылы өтө турган Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго катышуусунун маанисин баса белгиледи. АЛ Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылыгын айтып, өзүнүн 2015-жылы иш сапар менен баруу ниетин билдирди.
Кыргызстандын эли өздөрүнүн биримдүүлүгүнөн улам СССР таркагандан кийинки кыйынчылыктарды жеңе алганын белгиледи. «Сиздердин Жапония тарабынан берилген жардамдарды жогору баалап жатканыңар үчүн кубанычтабыз. Өлкөлөр ортосундагы өз ара мамилелердин жандана турганына жана Сиздин иш сапарыңыз аны бекемдөөгө түрткү берерине ишенем», – дейт ал. Жапония Парламетинин Кеңешчилер жыйынынын президенти эки өлкөнүн алакаларын арттырууда иш сапарларды жана тажрыйба алмашуулар, биргелешкен билим берүү, гуманитардык программаларды, спорттук иш-чараларды өткөрүү да чоң роль ойной турганын айтты. «Мындай иш-чаралардын катышуучулары эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы көпүрө болот», – дейт ал. М.Ямадзаки Кыргызстанга Жапониянын 2020-жылы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарды өткөрүү демилгесине колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди. «Биз Кыргызстандын командасы менен спорт ышкыбоздорун чыдамсыздык менен күтөбүз», – дейт ал.






Комментарий кошуу