лавинааа1

2015-жылдын  24-январынан  27-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда,  Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Казарман-Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү  коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.

2015 жылдын 24-январынан  27-январына чейин мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

24-январдан 27-январга чейин абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 15…20°, айрым жерлерде 25° суукка чейин,  күндүз 5…10°, айрым жерлерде 15° суукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 7…12°суук, күндүз 3…8° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 10…15° суук, чыгышында 20° суукка чейин, күндүз 5…10° суук, чыгышында 8…13° суукка чейин, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн 25…30°суук, күндүз 15…20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 30…35°суук, күндүз 17…22° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 33…38°суук, күндүз 20…25° суук болушу күтүлөт.

Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

 Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу негизинде, атайын буйрукка чейин 2014-жылдын 26-ноябрынан саат 18:00дөн тартып 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу жабык.

Жалал-Абад облусунда 2015-жылдын 25-январында саат 11:30 чамасында Бишкек-Ош автожолунун 223- чакырымында (Шаркыратма чеги) көлөмү 8640м³  кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Унаа жолду тазалоо иштерине Унаа жана байланыш министрлигинин №23 жолдорду эксплуатациялоочу ишканасынан (ЖЭМ-23)1  жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, саат 13:00дө унаа жолу толугу менен тазаланып ачылган.

  Токтогул  районунда 2015-жылдын 26-январында саат 04:00 чамасында Бишкек-Ош унаа  жолунун  226-чакырымында көлөмү болжол менен 1200м³ кар көчкү түшүп,  унаа жолдун бир тарабы убактылуу жабылган.

Унаа жолду тазалоо иштерине ЖЭМ-23 ишканасынан 1  жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, саат 05:30да унаа жолу толугу менен тазаланып ачылган.

Ошондой эле Токтогул  районунда 2015-жылдын 26-январында саат 00:10 чамасында Торкент-Тоолук унаа  жолунун 68-чакырымында көлөмү болжол менен 1800м³ кар көчкү түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылган.

Унаа жолун тазалоо иштерине ЖЭМ-23 ишканасынан 1 бульдозер тартылып,  саат 06:00дө унаа жолу толугу менен тазаланып ачылган.

2015-жылдын 25-январында саат 22:10 чамасында Торкент-Тоолук унаа  жолунун 67-чакырымында көлөмү болжол менен 1400м³ кар көчкү түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылган.

Унаа жолун тазалоо иштеринеЖЭМ-23 ишканасынан 1 ДТ-130  бульдозер тартылып,  2015-жылдын 26-январында саат 06:00дө унаа жолу толугу менен тазаланып ачылган.

2015-жылдын 25-январында саат 03:30 чамасында Торкент-Тоолук унаа  жолунун 25-чакырымында көлөмү болжол менен 3060м³ кар көчкү түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылган.

Унаа жолун тазалоо иштеринеЖЭМ-23 ишканасынан 1  бульдозер тартылып,  саат 08:30да унаа жолу толугу менен тазаланып ачылган.

2015-жылдын 25-январында саат 03:45 чамасында Торкент-Тоолук унаа  жолунун 62-чакырымында көлөмү болжол менен 4620м³ кар көчкү түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылган.

Унаа жолун тазалоо иштерине ЖЭМ-23 ишканасынан 1  бульдозер тартылып,  саат 17:30да унаа жолу толугу менен тазаланып ачылган.