Ой жеткенге кол жетет
Өлкө жетекчилигинин Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар өңдүү араб дүйнөсүнө болгон иш сапары учурунда КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын атынан Россия-Казакстан- Кыргызстан-Тажикстан-Кытай темир жолунун курулушу, “Кара-Кече” жылуулук электрстанциясынын курулушу, ”Ысык-Көл” мейманканасын реконструкциялоо жана модернизациялоо, Айыл чарбалык логистикалык борборду ачуу, Ак-Суу кант заводун сатуу, Бишкек шаарында монорельстүү жолдун курулушу, Бишкек шаарында борбордук стадиондун курулушу, борбор калаада эки ири дүкөндүн курулушу сыяктуу 8 инвестициялык долбоорлорду сунуштаган.
Биринчиси, Кыргызстанды бүтүндөй аралап өткөн “Түндүк-Түштүк “ темир жолун куруу долбоору болуп эсептелет. Бул долбоордун жүзөгө ашырылышы экономиканын бардык тармактарынын өнүгүшүнө, өлкөнүн региондорунун өнүгүп-өсүшүнө чоң түрткү берет. Энергетикалык коопсуздукту жана калктын мобилдүүлүгүн камсыздайт, атамекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат. Темир жолдун курулушу менен Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарына көмүрдү, мунай продуктыларын, курулуш материалдарды, жер семирткичтерди, данды ташып жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтөт жана арзандалат. Темир жолдор жаратылыш кен байлыктарынын жанынан өтө тургандыгы болжолдонгон, бул – кен байлыктарды иштетүүгө мүмкүндүк берет жана аларды керектөөчүлөргө ташып жеткирүүнү жеңилдетет. Темир жолдун узундугу 885 км болмокчу. Долбоордун наркы болжол менен 6890,4 миллион АКШ долларын түзөт. Курулуштун аяктоо мөөнөтү – 120 ай. Өзүн-өзү 14,5 жылда актамакчы. Бул долбоорду жүзөгө ашырууда 20 миң киши жумушчу орун менен камсыздалат. Ишке киргизилгенден кийин 3 миңден ашуун киши эмгектенет.
Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече электрстанциясынын курулушу көмүрдүн калың катмарын өздөштүрүүгө, Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылууга, электр энергиясын экспорттоону көбөйтүүгө ж.б. мүмкүнчүлүк берет. Кара-Кече ЖЭТ курулушунун базалык долбоору боюнча инвестициянын суммасы 1,153 млрд. АКШ долларын түзөт. Жылуулук электр станциясынын көмүрдү керектөөсүнүн көлөмү жылына 3 млн. тоннаны түзөт. Ал эми “Кара-Кече” кенинин өнөр жайлык запасы 437,8 млн. тоннага, ошондой эле ачык иштетүүнүн запасы 192 млн. тоннага барабар.
“Ысык-Көл” мейманканасын реконструкциялоо жана модернизациялоо мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө жана чет мамлекеттик жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Азыркы учурда имараттын эскиргендигине байланыштуу мейманкана иштебей, капиталдык реконструкцияны жана модернизацияны талап кылууда. Мында 38476 миң АКШ доллары реконструкция менен курулушка, 12000 миң АКШ доллары мейманкананы жабдууга жумшалышы керек. Аймагын көрктөндүрүүгө жана реконструкциялоого 1524 миң АКШ доллары сарпталышы зарыл.
Керектөөчүлөргө айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү, ташып жеткирүү боюнча логистикалык борборду түзүү фермерлердин продукцияларын кабыл алууга жана сатууга мүмкүнчүлүк берет. Борбордун болжолдуу жайгашкан жери – Чүй облусу (артыкчылыгы – автомобиль жана темир жолдору). Кыргыз айыл чарба продукцияларынын негизги керектөөчүлөрү – Россия, Казакстан, Кытай. Бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн инвестициянын көлөмү 40 млн. АКШ доллары болмокчу.
Бешинчи долбоор – Ак-Суу кант заводун сатуу. Республикабызда өндүрүлгөн кант жалпы керектөөнүн көлөмүнүн 18 пайызын гана түзүүдө ( республикада жыл сайын 138 миң тонна кант керектелет). Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында жергиликтүү өндүрүштү күчөтүү зарыл. Бул долбоор жүзөгө ашырылганда продукция чыгаруунун бир күндүк көлөмү 900 тонна, бир жылдык көлөмү 300 миң тонна болмокчу. Долбоордун болжолдуу наркы 58 млн. АКШ долларынын айланасында бааланууда.
Бишкек шаарында монорельстик жолдордун курулушу жүргүнчү сыйымдуулугу өтө жогору коомдук транспорттун жаңы түрүнүн пайда болуусуна мүмкүндүк берет. Муну менен жүргүнчүлөр агымы көбөйөт жана авто жолдордогу тыгын азаят. Бул долбоорду жүзөгө ашыруунун натыйжасында, транспорттун жолдо жүрүүчү түрүн пайдалануу күнүнө болжол менен 150-200 миң кишиге кыскарат.
Шаардын түштүк бөлүгүндө 25-30 миң кишиге ылайыкташтырылган борбордук спорттук-көңүл ачуу стадионунан, 4-5 жылдыздуу отелдерден жана муз тебүү сарайынан турган комлекстин курулушу дагы бир сунушталган долбоор болуп эсептелет. Бишкек шаарындагы борбордук стадион шаардык, республикалык, эл аралык деңгээлдеги спорттук-көңүл ачуу иш-чараларын өткөрүүчү башкы чордонго айланат. Анын болжолдонгон наркы 300 млн. АКШ доллары.
Товарларынын түрлөрү аябагандай көп, жогорку деңгээлдеги тейлөөсү бар заманбап жаңы соода аянттарын түзүү үчүн Бишкек шаарында Metro же Auchan сыяктуу эки ири гипермаркетти куруу маселеси каралууда. Анын болжолдонгон наркы 60-70 млн. АКШ доллары.
Көрүнүп тургандай, жогоруда көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлордун Кыргызстан үчүн мааниси эбегейсиз. Эгерде араб өлкөлөрү кол сунуп, бул долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларын жөнөтсө, республикабыздын мындан аркы өркүндөп-өнүгүшүнө жол ачылып, келечеги кең болмок.
Абдимухтар АБИЛОВ


Комментарий кошуу