kor

  Мындай маалымат облустук өкүлчүлүктүн жыл жыйынтыгы чыгарылган тутумдук жыйынында белгиленди.

-Мына мен алган маалымат боюнча облуста жалпысы 203 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экен. Алардын 171и Нарын шаарынан болууда. Алыскы айылдар болсо бир жөн. Эмне үчүн шаарда акыбал ушундай. Алардын документи жок болгондуктан эч кандай эмдөөдөн өтүшпөйт. Мындайча айтканда бул балдар жок адам катары эсептелет да,-деп билдирди жыйынга катышкан Өкмөт төрагасынын орун басары Дамира Ниязалиева айым.

-Көпчүлүгүн ЗАГСта турбагандар түзүүдө. Ошону менен катар ички мигранттардын да балдары болууда,-деген жоопту кайтарды Нарын шаарынын мэри Ырахат Адиев.

-ЗАГСта турабы же турбайбы, метрика алышы керек да. Учурда кызамык дарты жайылып жатат. Анан кантип жанакы балдарга эмдөө жүрөт,-деп Д.Ниязалиева айым белгилеген менен тиешелүү кызмат адамдары жыйынга катышпагандыктан улам, бул маселе ачык бойдон жоопсуз калды.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу