Д.Ниязалиева: Жөн эле «белги» үчүн жыйналуунун кереги жок
Нарын облусунун жыл жыйынтыгына арналган тутумдук жыйынына катышкан КРнын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дамира Ниязалиева айым соңку сөзүн сүйлөө учурунда чогулушка ушундай пикирин келтирди.
-Негизи коллегиялык чогулуштар курч өтүшү керек. Жөн эле «галочка» үчүн жыйналыш кылуунун кереги деле жок. Мына бул жерде уктап олтургандар бар. Ошон үчүн кайдыгербиз. Эгер биз баарыбыз кыйын болсок, анда эл ушундай жашамак эмес да. Мага кечээ Нарын телеси аркылуу жүздөн ашык суроолор берилди. Элде муктаждык болбосо эмнени сурашмак эле. Демек эл менен бийликтин байланышы жок. Мынча жер айдалды, мынча жерге эгин себилди дегенди кантип эсептемек элек. Эл каалайбы айдашат, каалабаса айдабайт. Анда акимдердин эмгеги жок. Акимдердин иши салыкты туура түшүрүү, элге жардам көрсөтүү. Мисалы, көмүр ишканалар туура салык төлөп жатабы, көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Чет элдик мергенчилер кандай салык төлөшөт, караган мамлекеттик бийлик барбы? Ошон үчүн мен ушундай тармактардын салыктарын дагы 1,5 эсе көтөргөнгө барамын. Экинчиден, кен казам дегендер мындан ары соцпакети менен келгенде гана лицензия берилиши керек,-деп билдирди Д.Ниязалиева айым.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу