Нарында кен байлыктарга берилген уруксат баракчалар саны эки башка
Нарын облусунун аймагынан тоо кендерин чалгындоого жана иштетүүгө КРнын Өкмөтүнүн алдындагы геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекетик агенттик (ГМРМА) тарабынан уруксат баракчалардын берилген саны эки башка чыккандыгын облус жетекчиси Аманбай Кайыпов дагы бир жолу маалымдады.
-Биз облус боюнча тоо кендерине 115 лицензия берилди деп эсеп кылып жүргөнбүз. Өткөндө ГМРМАнын деректири Дүйшөнбек Зилалиев Нарынга келип, 123 лицензия берилгендигин билдирди. Эми ар бир район боюнча текшерүүлөрдү жүргүзө баштадык. Бир айдын ичинде толук тартипти орнотобуз,-деди А.Кайыпов Нарында болгон атайын жыйын учурунда.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу