Ага Хан өнүктүрүү тармагы Нарын шаарына атайын карта тапшырды
Нарын шаарынын аярлуу жана табигый коркунучтарынын тобокелчилигин баалоо боюнча долбоор өткөн жылдын аягы менен Ага Хан тармагынын (АХТ) айлана-чөйрөнү коргоо кору тарабынан иштелип чыккандыгын АХТнын Кыргызстандагы жетекчиси Кассим Шамш Лакха мырза 25-февраль күнү Нарын шаарында болгон иш сапар маалында билдирди. К.Ш.Лакха мырза өткөн жылдын май-декабрь айларында Москва мамлекеттик университетинин техникалык көмөгү аркылуу АХТнын MSDSPKG жана Focus кызматтары жүзөгө ашыргандыгын белгиледи.
Жыйынтыгында Нарын шаарына коркунуч келтирген табигый жана техногендик жагдайлардын чийме-картасы иштелип чыккан.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу