Нарында 2014-жылы 3 обьектиде авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү
2014-жылы Нарын облусунун аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Авариялык калыбына келтирүү жана капиталдык курулуштар планынын негизинде 3 обьектиде жумуш аткарылды. Алар төмөнкүлөр:
Ак-Талаа районунун Баетов айылында ачык жана жабык типтеги дренаждар курулуп, эксплуатацияга берилди. Курулуш иштеринин 2-этабы быйыл улантылат.
Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күнгөй айылында жайгашкан Суткалык жөнгө салуучу бассейндин (БСР) түбүнө (чаша) толуп калган топурак толугу менен 34000 м3 ташылып чыгарылып, БСРдин ичи тазаланды. Ошондой эле дамбаны жана суу чыгуучу каналды калыбына келтирүү, дренаж куруу иштери аткарылып, обьект толугу менен бүткөрүлуп эксплуатацияга берилди.
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы коллектордук дренаждык тармак (сеть) (КДС) куруу иштери улантылып, Сатыбеков көчөсүнөн 847 метр жабык типтеги КДС курулуп, эксплуатацияга берилди. Курулуш иштеринин 2-этабы быйыл улантылат.
Жыйынтыгында, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 306 турак жай жана 4 соц.обекттер, Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы 1 суу сактагыч, 50 турак жай, 14 гектар айдоо аянты, ошондой эле Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы 200 турак-жай, 3 соц.обьекттер жана 3 км ички унаа жол кырсыктардан корголду.
КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы


Комментарий кошуу