Нарын шаарынын түтүн санынын 22 пайызы мал багат
Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын жетекчисинин орун басары Оңолбек Сопакунов быйылкы жылга карата шаарда мал каттоо жараяны аяктагандыгын билдирди. Маалыматка ылайык Нарын шаарында 9014 түтүн бар болсо, алардын 1954ү мал кармашат. Быйылкы жылдын башына карата 2053 баш мүйүздүү ири мал, 15788 кой, 3970 эчки, 654 жылкы, 6073 канаттуу, 1388 ит жана 311 мышык катталган. Бирок мындай маалыматтарга айрым жарандар ишеним артышпайт. Алардын айтымдарында мал санын жашыруулар бар жана бир да эшек катталган эмес.
-Негизи мал кармаган үйлөр короого сактык үчүн ит да багышат. Мындан сырткары эч малы жок, бирок ит баккандар да бар,-дешет айрым серепчилер.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу