elektro1

  Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда өткөн жылы электрге болгон карыздар көбөйгөндүгү белгиленди.

Маселен, 2015-жылдын 1-январына карата облус боюнча электр кубатын пайдаланууга болгон жалпы карыз 287 миллион 270 миң сомду түзүп, мурунку жылга караганда карыз 10,1 млн.сомго көбөйгөн. Калктын карызы 52,6 млн.сомго жетип, 8,8 млн.сомго арбыган.

Ошону менен катар шарты катаал аймактарда жашагандыгы үчүн берилүүчү электр кубатынын жеңилдиктерине 13,7 млн.сом Каржы министрлиги тарабынан төлөнө электиги, натыйжада эл арасында нааразычылыктар пайда боло баштагандыгы да белгиленди.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу